16:34, 12-март, 2026

Кемсинтүүгө чыдабай кеткен аял күйөөсүн мууздап салды

На русском
11:10, 12-март, 2026 1505

АКИpress - Чүй облусунда киши өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды, деп билдирди милиция.

11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы үйүндө күйөөсү П.Аны өлтүргөнүн билдирген.

Окуя болгон жерден төмөнкүлөр аныкталган, 11-мартка караган түнү 1968-жылы туулган У.В. 1971-жылы туулган П.А. аттуу күйөөсү менен үйдө болгон. Алар спирт ичимдиктерин ичип, ортодо пикир келишпестик чыккан. Андан соң маркум У.В.ны кемсинтип, психологиялык басым кылган.

У.В. залда эс алып жатканда күйөөсүнүн кемсинтүүлөрү анын катуу кыжырын келтирген. Ал ашканага барып, бычак алып келип, диванда отурган күйөөсүнүн мойнун кескен. Андан соң аны паласка сүйрөп түшүргөн. Күйөөсү ошол жерде көз жумган.

Окуядан кийин У.В. өз буюмдарын чогултуп, мүмкүн болгон кармоого даярданып, уктап калган. Эртеси күнү ойгонуп, 102 кызматына кабар берген.

У.В. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»