АКИpress - Сот аткаруучулар кызматынын Каракол шаардык бөлүмү «Лена Фэшн» ЖЧКсынын негиздөөчүсү О.М.Ж.дан мамлекеттик насыя боюнча карыз өндүрүлдү.
Тиешелүү документ Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун 2025-жылдын 26-июнундагы чечиминин негизинде түшкөн. Сот карызкордон Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын пайдасына 14 млн 270 миң сом өндүрүүнү чечкен.
2026-жылдын 3-мартында аталган сумма толугу менен төлөнгөн.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Лена Фэшн» ЖЧКсынын жетекчиси катары Османалиев Максат Жээнбекович көрсөтүлгөн.