01:49, 13-март, 2026

Кыргызстандык боксчу кыз атаандашын биринчи раундда нокаутка кетирди. Видео

На русском
09:01, 11-март, 2026 1239

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Сымбат Ураимжанова Таиландда өтүп жаткан бокс боюнча эл аралык мелдеште кийинки турга өттү.

19 жашка чейинки спортчулар арасындагы «World Boxing Futures Cup» турнири азыркы күндөрү Бангкок шаарында өтүп жатат.

Ураимжанова 60 кг чейинки салмак категориясында катышууда, бул категорияда жалпысынан 29 спортчу ат салышууда.

Кыргызстандык спортчу 10-мартта 1/16 финалда Мароккодон келген спортчу менен күч сынашты. Ураимжанова биринчи эле мүнөттө атаандашын эки жолу нокдаунга учуратты, ал эми экинчи мүнөттө калыс беттешти токтотууга аргасыз болду.

Эми кыргызстандык спортчу 12-мартта Польшанын өкүлү менен беттешет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»