Бишкекте алдамчылыкка шектелген адам кармалды
На русском
АКИpress - Бир нече алдамчылыкка шектелген адам кармалды, деп билдирди 9-мартта Бишкек милициясы.
Милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 5-мартта биргелешип бизнес баштоо убадасына ишенип, 40 миң доллар берген, бирок алданып калган.
Милиция кызматкерлери 1989-жылы туулган У.М.ны кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адамдын ушундай бир нече кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган. Ушул себептен улам укук коргоо органдары шектүү адамдын аракеттеринен жапа чеккендерди (500) 633-927, 0 (773) 097-185 же 102 номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт.