Оюндар «Milano–Cortina 2026» деген расмий аталыш менен уюштурулуп, мелдештер өлкөнүн түндүк бөлүгүндөгү бир нече аймакта өткөрүлдү. Бул Олимпиада географиялык жактан кеңири жайылган форматта уюштурулуп, шаар жана тоолуу аймактарды бириктирүү менен өзгөчөлөндү.
Оюндардын ачылыш аземи 6-февралда Милан шаарындагы «San Siro» стадионунда өттү. Жабылыш аземи 22-февралда Верона шаарындагы тарыхый «Arena di Verona» амфитеатрында уюштурулду.
Милан кластеринде муз аянтчалары жайгашып, хоккей жана башка муз спорттору өткөрүлдү. Милан ошондой эле медиа борбор, уюштуруу штабы жана салтанаттуу иш-чаралардын негизги борбору болду.
«Cortina d’Ampezzo» тоолуу кластеринде альп лыжасы жана тайгалак трасса спорттору (бобслей, скелетон, санный спорт) уюштурулду.
«Val di Fiemme» жана башка альп аймактарында лыжа жарыштары, фристайл жана сноуборд мелдештери өттү.
«Антерсельва» (Antholz) биатлон борбору катары колдонулду.
Бул формат оюндардын аймагын 22 миң чарчы чакырымдан ашык аянтка жайылтты. Мындай масштаб Италиянын түндүк бөлүгүндөгү инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрдү кеңири колдонууга шарт түздү.
Милан шаарында жаңы муз ареналары курулуп, айрым объекттер реконструкцияланган. Уюштуруучулар туруктуулук принциптерин кармануу менен, мүмкүн болушунча мурдагы спорттук инфраструктураны жаңылап пайдаланууга басым жасашты.
Бул жолку Олимпиаданын программасында бир катар өзгөрүүлөр болду.
Программага:
- фристайл: эркектер жана аялдар арасындагы параллелдүү жарыш;
- чана спорту: 2 аялдан турган команда;
- аялдар арасындагы чоң трамплинден секирүү боюнча жарыш;
- тоо лыжасы: эркектер жана аялдар арасындагы спринт, аралаш эстафета;
- скелетон: аралаш командалык мелдештер киргизилип;
- тоо лыжа спорту: параллелдүү гигант слаломунда аралаш командалык мелдештер тизмеден алынды.
Кээ бир дисциплиналар боюнча жарыштарда маара сызыгынын узундугу, катышуучулардын саны өзгөртүлдү.
Быйылкы оюндарга расмий түрдө жаңы спорт түрү кошулду — ски-альпинизм (ski mountaineering). Бул дисциплинада спортчулар тоого ылдам чыгуу жана түшүү боюнча мелдешишти.
Оюндарда байгелүү орун алган спортчулар үчүн өз өлкөлөрүндө сый акы каралган. Анын суммасы өлкөгө жараша айырмаланат: кээ бир жерлерде бул медаль үчүн белгиленген бонус болсо, кээ бир жерлерде командалык спорттун түрлөрү үчүн башкача сумма.
Орточо төлөмдөр – Франция — алтын үчүн болжол менен 85 000 (башка булакта эсептөө ыкмасына жараша алтын 95 000 чыгары да айтылат) – Түштүк Корея — алтын үчүн болжол менен 45 000 – АКШ — алтын үчүн 37 500, күмүш үчүн 22 500, коло үчүн 15 000 – Германия — алтын үчүн болжол менен 35 000 – Канада — алтын үчүн болжол менен 15 000 (айрым эсептөөлөрдө методика/айлантуу жана командалык түрлөргө байланыштуу башка сумма да чыгат) – Австралия — алтын үчүн болжол менен 13 000
Медаль үчүн бонус төлөнбөгөн өлкөлөр – Улуу Британия, Норвегия, Швеция — анын ордуна грант/стипендия жана спортчуларга колдоо көрсөтүлүшү мүмкүн.
Сингапур алтын медаль үчүн болжол менен 788 000
Гонконг — алтын медаль үчүн болжол менен 768 000
Польша алтын медаль үчүн болжол менен 355 000
Индонезия алтын медаль үчүн болжол менен 346 000
Казакстан алтын медаль үчүн болжол менен 250 000
Малайзия алтын медаль үчүн болжол менен 240 000
Италия — алтын үчүн болжол менен 213 000, күмүш үчүн 106 000, коло үчүн 71 000 долларлык сый акы берди.