01:01, 19-март, 2026

«Бишкек Аренаны» курууга катышкан дагы бир компанияга салык жеңилдиги берилди

На русском
10:26, 13-февраль, 2026 493

АКИpress - Министрлер кабинети 2026-жылдын 16-январындагы №16-т тескемеси менен улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашырып жаткан, салык жеңилдиктери берилчү уюмдардын тизмесин кеңейтти.

Документке ылайык, тизмеге Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылында «Бишкек Арена» стадионун курууга тартылган компания да киргизилди. «Бишкек Арена» стадионун куруу долбоору үчүн компанияга төмөнкү салык жеңилдиктери каралган: КНС боюнча 0%дык чен (импорттогу КНС да кошо) сатуу салыгы боюнча 0%дык чен

Маалымат үчүн:

Бишкектин четинде «Бишкек Арена» аттуу ири спорттук объекттин курулушу уланууда. Күзүндө негизи бүткөрүлүп, азыр инженердик иштер жана сырттагы металл конструкцияларды орнотуу жүргүзүлүүдө. Ачылышы 2026-жылдын 31-августуна — Эгемендүүлүк күнүнө пландалган. Бул жерде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот. Андан тышкары, ШКУ саммитине келе турган мамлекет башчылары катышкан бир катар иш-чаралар өтүшү күтүлүүдө. Объекттин жалпы аянты 180 миң чарчы метрден ашат.  Анда унаа токтотуучу жай, техникалык бөлмөлөр жана кошумча инфраструктура болот. Стадиондун сыйымдуулугу 51 миң орунга чейин көбөйтүлгөн. Бул Азия футбол конфедерациясынын талаптарына жооп берип, ачылыш аземин, биринчи оюнду жана Азия Кубогунун финалын өткөрүүгө шарт түзөт (Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстан менен бирге өткөрүүгө арыз берген).

Полный доступ к архивам АКИpress (общественно-политические новости, культура, происшествия и спорт, а также новости стран ЦА)

1 новость950 сомКупить
год15000 сомподписаться?
Данные тарифы действуют только для частных лиц.
Если вам необходим корпоративный доступ к материалам (для организаций, госорганов, ведомств и т.д), пожалуйста, свяжитесь с нами по почте info@akipress.org

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»