Жарым кылымдан ашык убакыттан бери биринчи жолу светтик интеллектуалдар, алардын көбү аятолла Рухолла Хомейнинин популисттик чакырыгына азгырылган. Ал философия профессору болгон жана шахтын реформа программасын катуу сындагандан кийин 1964-жылы сүргүнгө айдалган. Шииттик агымдын өкүлдөрү аалымдардын жардамы менен шахты кулатууга болот деп эсептешкен. Мындай шартта Улуттук фронттун, «Туде» партиясынын мүчөлөрү жана алардан бөлүнүп чыккан түрдүү топтор шахтын режимине каршы кеңири оппозицияга чыккан аалымдарга кошулушкан.
Хомейни сүргүндө жүрүп Пехлеви режиминин кемчиликтери жөнүндө насаат айтып, шахты атеизмге жана чет элдик державаларга көз каранды деп айыптаган. Хомейнинин миңдеген кассеталары жана басма көчүрмөлөрү 1970-жылдары Иранга жашыруун түрдө кайра алынып келген. Жумушсуз жана аз камсыз болгон ирандыктардын саны өскөн сайын, айрыкча айылдан келген мигранттар заманбап Ирандын маданий боштугунан көңүлү калып, кеңеш алуу үчүн аалымдарга кайрылышкан.
Шахтын Америка Кошмо Штаттарына көз карандылыгы, анын ошол кезде негизинен мусулман араб мамлекеттери менен узакка созулган согуштук аракеттерге аралашкан Израил менен тыгыз байланышы жана анын ойлонулбаган экономикалык саясаты массалык нааразычылыктын күчөшүнө өбөлгө түзгөн. Сырткы көрүнүшү боюнча, тез өнүгүп жаткан экономикасы жана тез модернизацияланып жаткан инфраструктурасынын аркасында Иранда баары жакшы болуп жаткандай эле. Бирок ошол эле учурда Иран салттуу, консервативдүү айылдык коомдон индустриалдык, заманбап жана шаардык коомго айланган. Айыл чарбасында да, өнөр жайда да өтө эле көп нерсе өтө эрте жасалып калгандай, өкмөт коррупцияданбы же жөндөмсүздүктөнбү, 1978-жылы баарына убада кылганын аткара албагандай сезим жаралган.
1978-жылдын январь айында Тегеранда Хомейниге болушуп ачууланган миңдеген медресенин (диний мектеп) жаш студенттери көчөгө чыгышкан. Алардын артынан дагы миңдеген ирандык жаштар – негизинен жумушсуз, айылдан жаңы келген иммигранттар толкуган. Рак оорусунан алсыраган жана ага карата күтүүсүз кастыктын пайда болушунан таң калган шах, нааразылык акцияларын ага каршы эл аралык кутумдун бир бөлүгү деп эсептеп, репрессия менен кечиримдүүлүктүн ортосунда калган.
Хомейни алгач Иракта, андан кийин 1978-жылдан кийин Францияда оппозициянын аракетин координациялап— шахтан кетүүнү талап кылган. 1979-жылдын январында, шахтын «эс алуусу» деп аталган учурда, шах жана анын үй-бүлөсү Ирандан качып кетишкен. Ал жок учурда регенттик кеңеш иштей албай калган, ал эми шашылыш түрдө дайындалган премьер-министр Шахпур Бахтияр мурдагы Улуттук фронттогу кесиптештери менен да, Хомейни менен да компромисске келе алган эмес. Тегеранда миллиондон ашык адам демонстрацияга чыгып, Хомейнинин кеңири популярдуулугун көрсөткөн, ал 1-февралда Иранга шаң-шөөкөттүн коштоосунда кайткан. Он күндөн кийин, 11-февралда Ирандын куралдуу күчтөрү өздөрүнүн бейтараптуулугун жарыялаган.
Кесепеттери
1-апрелде жалпы улуттук референдумда колдоо көрсөтүлгөндөн кийин, Хомейни Иранды ислам республикасы деп жарыялаган. Дин кызматкерлери дароо эле мурдагы солчул, улутчул жана интеллектуалдык союздаштарын кызматтардан четтете башташкан жана консервативдик коомдук баалуулуктарга кайтуу ишке ашырылган: үй-бүлөнү коргоо мыйзамына олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген, ал никеге турган аялдарга кошумча кепилдиктерди жана укуктарды берген, мечиттерде жайгашкан революциялык топтор, комитеттер көчөлөрдү кайтарып, исламдык кийим жана жүрүм-турум нормаларынын сакталышын көзөмөлдөшкөн.
Зордук-зомбулук жана ырайымсыздык көп учурда шахтын тушундагыдан да ашып түшкөн. Жергиликтүү кошуундар жана аларды колдогон дин кызматкерлери батыш маданиятынын таасирин басууга болгон күчүн жумшашкан. Куугунтукка жана зомбулукка кабылган батыш билимин алган элита өкүлдөрүнүн көбү өлкөдөн качкан. Бул батышка каршы маанай 1979-жылы ноябрда АКШнын элчилигинде 66 барымтачыны басып алуу менен аяктаган. Ирандык демонстранттар тобу ошол учурда Америка Кошмо Штаттарында дарыланып жаткан шахты экстрадициялоону талап кылышкан. Элчиликти басып алуу менен Хомейнинин тарапкерлери өздөрүн солчул саясатчылардай эле «антиимпериалисттер» деп жарыялай алышкан. Бул аларга режимге каршы чыккан солчул жана орточо оппоненттердин көбүн басууга мүмкүнчүлүк берген.
Дин кызматкерлери басымдуулук кылган Эксперттер Ассамблеясы (Мажлис-и-Хобреган) кийинки айда жаңы конституцияны референдумга алып чыгып, ал көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. Жаңы конституция Хомейнинин «велаят-и-факих» (фарсча «юристтин башкаруусу») концепциясына негизделген диний өкмөтүн түзгөн жана рахбарга, же лидерге кеңири ыйгарым укуктарды берген. Биринчи рахбар Хомейнинин өзү болгон.
Мохаммед Реза Пехлеви ким?
Ал 1919-жылдын 26-октябрында Тегеранда төрөлгөн. 6 жашында мураскер ханзаада болгон. Жакшы билим алып, кадет корпусунда, Швейцарияда жана Тегерандагы офицердик окуу жайда окуган. 1941-жылы Пехлеви Ирандын шахы болуп такка отурган. Бир жылдан кийин СССР жана Улуу Британия менен союздук келишимге кол коюп, 1943-жылы Германияга согуш жарыялаган. Башында шахты алсыз башкаруучу деп эсептешкен: өлкөдөгү реалдуу бийлик межлис тарабынан жүргүзүлгөн. Бирок 1949-жылдын 4-февралындагы кол салуудан кийин анын ыйгарым укуктары кеңейтилген. Ал межлисти таратууга жана партияларга тыюу салууга укук алган. Согуштан кийин Иранда мунайды көзөмөлдөө үчүн күрөш күчөп, мунайды улутташтыруу тууралуу чакырыктар көбөйгөн. 1951-жылы шах премьер-министр кылып Мохаммед Мосаддыкты дайындаган. Ал мунай Ирандын өзүнө таандык болушу керек деген пикирди колдогон. Мосаддык мунай тармагын улутташтырган. 1952-жылы ал өзүнө өзгөчө ыйгарым укуктарды талап кылган. Шах аны кызматтан алган, бирок толкундоолордон кооптонуп кайра кызматка кайтарган. Кийин Мосаддык Улуу Британия менен дипломатиялык мамилени үзүп, “шах башкарбай, символ катары гана турушу керек” деп билдирген. Пехлеви англиялыктар жана америкалыктардан колдоо сурап, 1953-жылдын августунда Мосаддыктын өкмөтү кулатылган. Шах бийлигин бекемдеген. Кийин мунайдан түшкөн кирешенин чоң бөлүгүн Ирандын өзүндө калтырууга жетишип, бюджет өсө баштаган
1963-жылы шах «Ак революция» деп аталган реформаларды баштаган. Негизги максат — жерди кайра бөлүштүрүү жана социалдык теңсиздикти азайтуу болгон. Мамлекет ири жер ээлеринен жер сатып алып, аны дыйкандарга бөлүп саткан. 1970-жылга чейин көптөгөн дыйкандар жер тилкелерине ээ болгон. Ошол эле учурда өлкөдө өнөр жай да өнүгүп баштаган.
Шахтын саясаты жана бийликти борборлоштуруусу дин кызматкерлери тарабынан сынга алынган. 1975-жылы Иранда бир партиялуу система киргизилип, жарандар «Растахиз» партиясына мүчө болууга милдеттендирилген. Оппозиция куугунтукка алынып, анын ичинде диний лидер Рухолла Хомейнинин тарапташтары да кысымга кабылган. Хомейни эмиграцияга кеткен. 1978-жылдын январында Кум шаарында нааразылык акциялары башталып, кийин бүт өлкөгө жайылган. Бийлик митингдерди басканы менен, нааразылык күчөгөн. Шах шайлоо өткөрүүнү убада кылган, бирок кырдаал көзөмөлдөн чыккан. 1979-жылдын 16-январында ал үй-бүлөсү менен өлкөнү таштап кеткен. 1980-жылдын 27-июлунда Пехлеви Египетте каза болгон.
Үй-бүлөсү
Шахтын үч аялы болгон. Биринчи жубайы — Египеттин канайымы Фавзия Фуад, бул нике 6 жылга созулган. Экинчи жубайы — Сорайя Исфандияри-Бахтиари, ажырашкандан кийин Парижде жашап, актриса болгон. Үчүнчү жубайы — Фарах Диба, азыр да «жесир императрица» деген титул менен белгилүү. Экөөнүн ортосунда төрт бала төрөлгөн, алардын бири — АКШда жашап келген Реза Пехлеви.
Шахтын атасы Реза Савадкухи 1877-жылдын 16-мартында Мазендаран провинциясындагы Алашт айылында төрөлгөн. Атасы анча бай эмес жер ээси жана офицер болгон. Айрым булактарда Резаны дыйкандардын үй-бүлөсүнөн чыккан деп да жазышат, бирок бул так эмес. Атасы тараптан ал мазендерандык перс, апасы тараптан азербайжан болгон. Үй-бүлөсү негизинен өздөрүн перс деп эсептеп, зороастризмге жакын болушкан. Реза бала кезинен аскердик жашоо-тиричиликке көнгөн: алардын жанында Перс казак бригадасы жайгашкан. Бул бригада Кажарлар династиясы тушундагы эң ишенимдүү аскер бөлүктөрүнүн бири болгон. 1892-жылы 14 жаштагы Реза ушул бригадага кызматка кирген. Бригаданын курамында көбүнчө орус инструктор-офицерлери кызмат өтөшкөн, бирок перс ак сөөктөрү үчүн да жол ачык эле. Реза бат эле кызматтык тепкичтен көтөрүлүп, 1916-жылы Казвин отрядынын полковниги болгон.
Бийликке жол
Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Персия оор кризисти баштан кечирген. Ахмад-шах алсыз башкаруучу катары мүнөздөлүп, өлкөдө тартип начарлап кеткен. Англия таасирин күчөтүп, 1916-жылы өз отрядын түзгөн жана түштүктөгү мунай аймактарын көзөмөлдөп турган. 1920-жылы кырдаал ого бетер курчуган. 1921-жылдын 21-февралында Реза Тегеранга кирген. Кийин ал совет өкмөтү менен достук жана кызматташтык жөнүндө келишим түзүп, Улуу Британия менен мамилени кескин салкындаткан. Ошентип, аскер адамы өлкөдөгү эң негизги саясий фигурага айланган.
Шах жана реформалар
Алгач Реза — коргоо министри болуп иштеген. 1925-жылдын 12-декабрында Персиянын уюштуруучу жыйыны Кажарлар династиясын бийликтен түшүрүп, Резаны жаңы шах деп жарыялаган. Толук бийликке ээ болгондон кийин ал кеңири реформаларды баштаган. Ал коммерциялык, кылмыш жана жарандык кодекстерди кабыл алган. Мунун натыйжасында дин кызматкерлеринин сот тутумундагы таасири чектелген: мүлк маселелери жана документтерди каттоо светтик мекемелерге өткөн. Ошол эле учурда шах өнөр жайды өнүктүрүп, завод-фабрикаларды жана жолдорду курдурган. Ал Трансиран темир жолун ишке ашырып, Каспийдеги портту Перс булуңундагы порт менен байланыштырган. Тегерандын жана башка шаарлардын келбети өзгөрүп, жаңыланган. 1934-жылы Тегеран университети негизделген. Шах социалдык жана маданий саясатта да өзгөрүүлөрдү жүргүзгөн: аялдар окууга жана мамлекеттик иштерде иштөөгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк алган, кыздар менен балдар бирге окуй баштаган. Реза шах өлкөнүн байыркы тарыхын баса белгилеп, 1934-жылы «Персия» деген аталышты «Иран» деп расмий өзгөрткөн. Бирок улуттук азчылыктарга карата позициясы катуу болгон: аларды иран коомчулугуна толук жуурулуштурууну талап кылып, жергиликтүү тилде билим берүүгө жана басма сөзгө чектөө киргизген.
Кулашы
Реза шахтын саясатын баары эле колдогон эмес. Анын бийлик жалгыз бир адамдын колунда болгон башкаруусуна дин кызматкерлери жана айрым ири жер ээлери каршы чыгышкан. Дагы бир талаштуу жагдай — Германия менен байланыштар болгон: шах СССР менен Британиянын таасирин тең салмактоо үчүн Германияны «үчүнчү күч» катары көргөн. Ал тараптардын ортосунда тең салмак издеп, нейтралитет жарыялап, кээде Москва менен, кээде Берлин менен жакындашууга аракеттенген. 1941-жылдын сентябрында СССР менен Улуу Британия Иранга аскер киргизген. Жыйынтыгында Реза шах союздаштардын басымы алдында тактан баш тартып, бийликти улуу уулу Мохаммед Резага өткөрүп берген. Реза шах Пехлеви 1944-жылдын 26-июлунда Түштүк Африка Республикасынын Йоханнесбург шаарында каза болгон.
Ирандагы Ислам революциясынын лидери. 1979-жылы шахтын бийлигин кулатып, Ислам Республикасын түзгөн. Хомейни өлкөнүн башкы диний жана саясий жетекчиси болгон. Ал абдан жөнөкөй жашоо образын карманган: жөнөкөй кийинип, жетекчилер элге үлгү болушу керек деп баса белгилеген. Ошол эле учурда анын башкаруу доору саясий каршылаштарга каршы репрессиялардам улам талаштуу болуп келет. Тышкы саясат Хомейни Батыштын жана СССРдин Жакынкы Чыгыш иштерине кийлигишүүсүнө каршы чыккан. Ал АКШ жана Израиль менен начар мамиледе болгон.
Балалыгы жана окуусу
Хомейнинин бала чагы тууралуу маалымат түрдүү берилет, анткени ирандык булактар анын өмүр баянын кээде идеалдаштырып жибериши мүмкүн. Туулган так датасы да ар башка көрсөтүлөт — көбүнчө 1900 же 1902-жылдар айтылат. Ал Хомейн шаарында дин кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Бала кезинен Куран окуп, диний мектепте билим алган, кийин Кум шаарына барып окуусун уланткан. Кум шииттик агым боюнча эң маанилүү борборлордун бири болуп эсептелет.
Шахка каршы күрөш жана сүргүн
Хомейни жаш кезинен эле шахтын бийлигин жана Батыш менен жакындашуу саясатын сынга алган. Ал Мохаммед Реза Пехлевинин реформаларына каршы чыгып, мамлекетте исламдын ролу азайып жатканын айтып айыптаган. Саясий ишмердүүлүгү үчүн ага чектөөлөр коюлуп, 1964-жылы өлкөдөн чыгарылган. Ал Түркияда, Иракта жана Францияда жашаган. Сүргүндө жүргөндө китеп жазып, лекция окуп, Ирандагы тарапташтары менен байланыш түзүп, нааразылык аракеттерин координациялоого көмөк көрсөткөн.
Кайтып келиши жана бийликке келиши
1979-жылдын 1-февралында Хомейни Иранга кайтып келген. Ошол учурда шах массалык нааразылыктардын фонунда өлкөдөн чыгып кеткен болчу. Революциядан кийин Хомейни башкы лидерге айланып, Ислам Республикасы түзүлгөнүн жарыялаган. Ал коопсуздук түзүмдөрүнө таянып, маалымат каражаттарына жана коомдук жашоого көзөмөлдү күчөткөн, жүрүм-турум жана моралдык эрежелерди катуулаткан. Оппозиция басылып, аялдардын укуктары олуттуу чектелген.
Ички саясат
Жаңы конституция кабыл алынгандан кийин Хомейни иш жүзүндө өмүрүнүн аягына чейин башкаруучу фигура болуп калган. Өлкөдө «тазалоо» жүрүп, жаңы режимге каршы болгондордун көпчүлүгү камалып же саясаттан четтетилген. Ошол эле учурда социалдык жардамдар жана жөлөк пулдар сыяктуу программалар да ишке ашырылып, бул айрыкча аймактарда жашаган калктын бир бөлүгүнүн колдоосун сактоого жардам берген. Тышкы саясат Хомейни Батыштын жана СССРдин Жакынкы Чыгыш иштерине кийлигишүүсүнө каршы чыккан. Ал АКШ жана Израиль менен начар мамиледе болгон.
Доордун негизги окуялары
1979-жылы революциянын тарапкерлери АКШнын Тегерандагы элчилигин басып алышкан. Бул окуя эки өлкөнүн мамилесин узак убакытка бузган. 1980-жылы Иран менен Ирактын ортосунда согуш башталып, 1988-жылга чейин созулган жана өлкө үчүн эң оор мезгилдердин бири болгон. Хомейни согушту коомду революциянын жана диний жетекчиликтин айланасына бириктирүүчү фактор катары колдонгон.
Жеке жашоосу
Хомейни үйлөнгөн, бир нече баласы болгон. Иранда анын үй-бүлөсү жана урпактары көп учурда коомчулуктун көңүл чордонунда болуп келген. Хомейни өзү аскеттик жашоону баса белгилеп, кымбат белектерден жана ашыкча ысырапкорлуктан баш тарткан. Акыркы жылдары ооруп, мамлекеттик иштерге азыраак аралаша баштаган.
Каза болушу жана мурасы
Хомейни 1989-жылдын 3-июнунда каза болгон. Иранда аза күтүү жарыяланып, акыркы сапарга узатууга өтө көп адам келген. Ал Тегеранда жерге берилген, кийин ошол жерде мавзолей салынган. Азыркы Ирандын тарыхында Хомейни эң таасирдүү фигуралардын бири катары кала берүүдө: анын аты-жөнү жана сүрөтү өлкөнүн коомдук символикасында кеңири колдонулат.
Али Хаменеи 1939-жылдын 19-апрелинде Мешхед шаарында төрөлгөн. Ал диний үй-бүлөдө чоңойгон: атасы дин кызматкери болуп, «аятолла» деген наамга ээ болгон. Үй-бүлө жөнөкөй шартта жашаган. Хаменеинин бала кезинде Иранды Пехлевилердин шахтык династиясы башкарган. Алар өлкөнү модернизациялап, дин кызматкерлеринин таасирин азайтууга аракет кылышкан. Ошондуктан ошол жылдары диний ишмерлер жана активисттер көп учурда кысымга кабылчу.
Окуусу жана алгачкы ишмердүүлүгү
Хаменеи Мешхеддеги диний мектепте окуган. Өспүрүм кезинде ислам активисттеринин сөздөрү ага катуу таасир берген. Ал Ирактагы Нажаф шаарында окууну улантууну каалаган, бирок Иранга кайтып келип, Кум шаарына барып семинарияда билим алган. Ошол жерде Рухолла Хомейнинин чөйрөсүнө жакындап, анын тарапташтарынын катарына кошулган. 1960-жылдардын башынан тартып Хаменеи Хомейнинин идеяларын жайылтууга катышкан. Ушундан улам аны бир нече жолу ар кайсы шаарларда кармап, камакка алышкан. Кээде лекция окуусуна, сабак берүүсүнө тыюу салышкан. Бир жолу бошотулгандан кийин да ишин улантып, жашыруун ишмердүүлүккө өткөн. 1970-жылдардын ортосунда аны сүргүнгө да жөнөтүшкөн, ал эми кайра кайтып келүүгө 1978-жылдарга жакын мүмкүн болгон.
Ислам революциясы жана таасиринин өсүшү
1970-жылдардын аягында нааразылыктар күчөп, революцияга айланган. Чет өлкөдө жүргөн Хомейни революциялык түзүмдөрдү уюштурганда, Хаменеи жетекчи чөйрөгө кирип, Ислам республикалык партиясын түзүүгө да катышкан.
Президенттик мезгили
Революциядан кийин Хаменеи өлкөдөгү негизги саясатчылардын бири болуп чыккан. 1980-жылдардын башында ага каршы кол салуу болуп, ден соолугуна олуттуу зыян келген. Андан кийин ал президент болуп шайланып, бул кызматты эки мөөнөт аркалаган. Ошол жылдары аткаруу бийлигинин бир бөлүгү премьер-министрдин колунда болгондуктан, жетекчилик ичинде пикир келишпестиктер болуп турган. Айрыкча премьер-министрдин талапкерлиги боюнча талаштар чыккан.
Жогорку лидер болушу
1980-жылдардын аягында Хомейнинин ден соолугу начарлап, анын ордуна ким келет деген маселе көтөрүлгөн. Бул системада жогорку лидерди аныктаган негизги орган – Эксперттер кеңеши. 1989-жылы Хомейни каза болгондон кийин Эксперттер кеңеши Хаменеини жогорку лидер кылып дайындаган. Ошол эле мезгилде Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, жогорку лидердин ролу күчөтүлгөн, премьер-министр кызмат орду жоюлган жана жогорку лидерликке талаптар да ийкемдүүрөөк болуп калган. Кийинчерээк Хаменеи жогорку диний наамга да ээ болгон.
Тышкы саясат
Хаменеи доорунда АКШ менен мамилелер курч бойдон калган (бул чыңалуу революциядан берки окуялардан кийин күчөгөн). Израилге карата позиция да кескин сынчыл бойдон сакталган. Иран аймактагы өнөктөштөрүн колдоп, Палестина маселесин жалпы добуш берүү аркылуу чечүүнү сунуштайт.
Жеке жашоосу
Хаменеи 1964-жылы үйлөнгөн, алты баласы бар. Айрым туугандары тескерисинче бийликтин саясатына каршы чыгып, үй-бүлөнүн айланасында саясий талаштар да болуп турган. Ал «Setad» компаниясына ээлик кылган. 28-февралда АКШ менен Израилдин биргелеешип Иранга жасаган ракеталык чабуулунда көз жумду.