Уран, торий, титан-магнетит. Кызыл-Омполдо дагы эмне бар?
На русском
АКИpress - 2024-жылдын февраль айында президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарында Ысык-Көл облусунун Тон районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууда Кызыл-Омпол кени чет элдик компаниялар катышпастан иштетиле турганын билдирген. Ал түшкөн кирешенин 100%ы мамлекетке кетерин, бир пайызы да чет элдик компанияга же бирөөнүн чөнтөгүнө кетпей турганын убадалаган.
Ошол эле жылы июнь айында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө мыйзам күчүн жоготту дееп табылган. Сентябрь айынан тарта кен өздөштүрүлө баштаган.
«Кызыл-Омполду иштетүү 1 миңден ашык жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул кен Кумтөрдөн кийинки экинчи орунда турат. Жергиликтүү бюджет дотациялык болбой калат. Ошентип, эл байыйт. Ошондой эле, Россияга жылына 50 адамды окууга жөнөтүп, алар сейрек кездешүүчү баалуу металлдарды иштетүү боюнча адис болушат», - деп түшүндүргөн президент.
С.Жапаров жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде бардык кен Кара-Балтага алынып келип эритилип, андан соң товар түрүндө башка өлкөлөргө сатыларын белгилеген. Бирок, торий сатылбай турганын баса белгилеген.
«Биз торийди гана сатпайбыз, аны келечек муун үчүн сакташыбыз керек. Эмне үчүн экенин билесизби? Себеби, келечекте урандын ордун торий ээлеши мүмкүн. 1 кг торий 2 тонна уран сыяктуу эле электр энергиясын өндүрө ала турган заман келет. Балким, келечекте электромобилдер үчүн литий эмес, торий колдонулат. Ошондуктан, биз торийдин запасын келечек үчүн сакташыбыз керек», - деп түшүндүргөн президент.
«Tazabek′ке» берген маегинде Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков президенттин жогоруда айтылган сөздөрүнө комментарий берген.
«Торий келечекте көмүр жагуудан да көп энергия ала турган эң негизги элемент болот. Мисалы, 200 тонна урандан бөлүнүп чыккан энергиянын көлөмү 1 тонна торийге барабар, же 3,5 млн тонна көмүр жагууда 1 тонна торийге барабар энергия бөлүнүп чыгат. Бишкек ЖЭБи жылына 1 млн тоннадан ашык көмүр жагат. Уранга салыштырмалуу торий радиоактивдүү эмес экенин белгилей кетүү керек. Учурда бул багытта АКШ, Россия, Кытай жана Индия, башкача айтканда, дүйнөнүн бардык державалары иштеп жатышат.
Америкалыктар 8 грамм торийдин жардамы менен машина 100 жыл бою жүрө ала турган эксперименталдык түрдөгү унаа жасашкан. Торий - бул биздин келечегибиз, Кыргызстанда торий Кызыл-Омполдо гана бар, азырынча башка кендерде табыла элек», - деп түшүндүрдү окумуштуу.
Географиялык жайгашуусу
Кызыл-Омпол кени Ысык-Көл жана Нарын облустарынын чек арасында жайгашкан жана административдик жактан Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун курамына кирет. Кендин өзү Кыргыз Ала-Тоосунун чыгыш тарабы болуп саналган Кызыл-Омпол тоолорунун түштүк капталдарында жайгашкан.
Орто-Токой суу сактагычына Узун-Сайдын түпкү тилкесинен көрүнүш.
Кызыл-Омпол уран-торианит чачындыларынын тобу 43 га жерде 10 тилкеге ээ. Алардын бешөө ачык, салыштырмалуу алар жер бетинде жайгашкан, ал эми калган 5 тилке түпкү, башкача айтканда, жер алдында жайгашкан.
Ачык тилкелер:
- Таш-Булак— Куубакы ашуусуна кире бериштеги жолдун оң жана сол тарабында жайгашкан
- Баке— Орто-Токой суу сактагычына жетпей, жолдун боюнда жайгашкан
- Узун-Сай— Орто-Токой суу сактагычынын жанында жайгашкан жана суу сактагычтын бир бөлүгүн камтыйт
- Түндүк— Көк-Мойнок айылынан өйдө, Куубакы ашуусуна жетпей жайгашкан
- Оттук— Балыкчы шаарынын жанындагы Ак-Өлөң айылынын жанында жайгашкан
Жер алдындагы тилкелер:
Бардык негизги 5 тилкеси Чоткара, Борбордук, Көк-Мойнок, Узун-Сай, Чыгыш Бишкек—Торугарт негизги трассасынан сол жакта, Куубакы ашуусунун сол тарабында тоолордун ичинде жайгашкан.
Кененирээк маалыматты катталуу аркылуу окуса болот
Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»