23:47, 12-январь, 2026

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Снежана Логинова табылды

На русском
15:12, 11-январь, 2026 1353

АКИpress -  Бишкек шаарында изделип жаткан Снежана Логинова табылды. Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 13 жаштагы Логинова Снежана Александровнанын абалы жакшы.

Издөө иш-чараларына райондук милициянын бүткүл өздүк курамы тартылган. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып жатат.

11-январда милицияга жашы жете элек кыздын апасы арыз менен кайрылган. Анын айтымында, кызы 10-январда кечки саат 18:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»