00:07, 13-январь, 2026

Бишкектеги жеке менчик бала бакчада өрт чыкты

На русском
12:58, 11-январь, 2026 1374

АКИpress -  11-январда Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан жеке менчик бала бакчанын имаратында өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт болжол менен эртең мененки саат 10:00 чамасында башталган. Саат 10:55те өрт чектөөгө алынып, 11:59да толугу менен өчүрүлдү. Жалпысынан 3 өрт өчүрүүчү бөлүм иштеди.

Өрт болжол менен 150 чарчы метрди каптады. Адамдар жаракат алган жок.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»