20:44, 12-март, 2026

Садыр Жапаров кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүдөгү «Евразия» уюмунун салымын баса белгиледи

На русском
17:21, 26-ноябрь, 2025 275

АКИpress - Бүгүн, 26-ноябрда Бишкек шаарындагы «Ынтымак ордодо» Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи өттү. 

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн лидерлери басма сөз үчүн билдирүү жасашты. Өз сөзүндө Садыр Жапаров Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүдөгү «Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун салымын белгиледи.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда «Россотрудничество» жана «Евразия» уюму аркылуу ишке ашкан, социалдык чөйрө үчүн маанилүү болгон бир топ биргелешкен долбоорлор бар.

«“Евразия” автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун демилгеси жана толук колдоосу менен быйыл август айында борбор калаабызда Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия боюнча эң ири “Евразия” оюн-зоок паркы ачылды», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчы кыргыз тараптын тапшырмасы менен Кыргызстан жана Россия билим берүү системаларынын мыкты тажрыйбаларын интеграциялоо негизинде бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү иштерин баштаганын айтты. Эки өлкөнүн элдеринин маданий байланыштары дагы активдүү өнүгүүдө жана кеңейүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»