АКИpress - Бишкектеги Евразиялык орус тили жана маданият борбору жаш муунга келечегин ишке ашырууда чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бул тууралуу 23-ноябрда Борбордун ачылыш аземинде Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу ачылган Орус тили жана маданият борбору көп функциялуу аянтча болуп, орус тилин өнүктүрүүгө жана жайылтууга, евразиялык маданиятты илгерилетүүгө, Россия менен Кыргызстандын эл аралык программаларын өнүктүрүүгө, педагогдорду даярдоого жана ар тараптуу гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
«Бул борбордо сезилип турган көтөрүңкү маанай… ал жөн гана жогорку технологиялуу, кооз же ыңгайлуу болгону үчүн эмес, ал убакыт сынынан өткөн жана муундардан муундарга өтүп келген баалуулуктарга негизделгендиктен», — деди Мария Захарова.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү билим берүү системаны түзүүчү мааниге ээ экенин жана аны тарыхты билүү негизинде калыптандыруу зарылдыгын белгиледи.
«Орус тили жана маданият борбору балага мыкты шарт түзүп, анын чыгармачылык жана жаратмандык потенциалын ачууга көмөктөшөрүн көрсөтүп турат. Адамдын эң мыкты касиети — жаратуу, түзүү жөндөмү. Адегенде ата-эне, мугалимдер тарбиялап, билим берип турган кезде адам билим алуучу катары өнүгөт. Андан соң өзү жаңы муунду тарбиялап, билим берип, өз билимдерин мурастап, келечек муунду жаратат. Бул көптөгөн маданияттарда сүрөттөлгөн бакубатчылыктын маңызы. Ал толугу менен жаратмандыкка байланыштуу. Бул борбордогу ийримдердин жана мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгы дал ушуга багытталган», — деди Захарова.
Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү сөзүнүн соңунда Сергей Михалковдун «Бүгүн — балдар, эртең — эл» деген сөзүн келтирди: «Балдар кандай тарбияланса, өлкө да ошондой болот. Ошондуктан алардын мыкты сапаттарын ачууга жардам берген иштерди көбүрөөк жасашыбыз керек. Аларга туура багыттарды көрсөтүп, билим берип, келечекте биз “тынч жана чыныгы” деп атаган коомду куруп кетүүгө шарт түзүү зарыл».
Борбор «Евразия» тарабынан негизделген Орус тилин колдоо ассоциациясынын базасында түзүлгөн. Аны меценат, «Евразиянын» камкорчулар кеңешинин мүчөсү Илан Шор жетектейт.
Долбоордун максаты — орус тилин улуттар аралык баарлашуу тили катары сактоо жана өнүктүрүү, илимий-билим берүү кызматташтыгын кеңейтүү, ошондой эле евразиялык мейкиндикте инклюзивдүү маданиятты алдыга жылдыруу.
Орус тили жана маданият борборунда бир нече багыт көрсөтүлгөн: балдар жана өспүрүмдөр үчүн билим берүү программалары, анын ичинде театр студиясы, арт-практикалар, «ПРОрусский» медиамектеби, санариптик маданият курстары, программалоо жана «Кызыксыз эмес орус тили» долбоору. Чоңдор үчүн форматтар — кино клубдар, дискуссиялык аянтчалар, орус классиктеринин чыгармалары менен адабий конок бөлмөсү. Педагогдорду колдоого өзгөчө көңүл бурулат — алар үчүн «Кесиптик өсүш мектеби» жана орус тилин жана орус тилиндеги адистик сабактарды окутуунун заманбап ыкмалары иштелип чыгуучу методикалык борбор ачылат. Дагы бир маанилүү иш — бул тил жана маданият тематикасы менен иштеген блогерлерди даярдоо жана координациялоо, бул Кыргызстандын орус тилдүү билим берүү жана маданий мейкиндигин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Борбордо системалуу негизде беш тематикалык клубдук бирикме иштей баштайт: Евразия лидерлеринин ассоциациясы, Евразия кинематографисттеринин эл аралык ассоциациясы, Орус тили жана адабияты мугалимдери үчүн методикалык борбор, Педагогдордун кесиптик өсүш мектеби, ошондой эле Инклюзияны колдоо борбору.
Борбордо ар кандай багыттагы 10дон ашык кошумча билим берүү программасы ишке ашырылууда. Бир эле учурда 200дөн ашык адамды кабыл ала алат.
Кыргызстанда борборлор Бишкекте гана эмес, башка аймактарда да ачылат. Постсоветтик мейкиндиктин ар кайсы өлкөлөрүнө чыгуу менен тармакты андан ары өнүктүрүү пландалууда.