Калктын аярлуу катмарына камкордук: Бишкекте төртүнчү «Евразия» социалдык дүкөнү ачылды
На русском
АКИpress - Бишкекте «Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюму дагы бир майрамдык иш-чара өткөрдү — Манас проспектиси №97 дарегинде төртүнчү «Евразия» социалдык дүкөнү ачылды.
«Евразия» социалдык дүкөндөрү өз тармагын кеңейтип, пенсионерлерди, ардагерлерди жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды керектүү товарлар менен жеткиликтүү баада камсыз кылууну улантууда.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 4 социалдык дүкөн иштеп жатат:
- Токтогул көчөсү, 146/1
- «Асанбай» кичи району, 8/3
- Акматбек Сүйүмбаев көчөсү, 17 / Москва көчөсү, 7
- Манас проспектиси, 97.
Төртүнчү социалдык дүкөндүн ачылыш аземине «Евразия Кыргызстан» регионалдык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова, Биринчи май районунун акиминин орун басары Чынара Жаныкеева, Кыргызстан пенсионерлеринин «Ардагер» коомдук бирикмесинин төрагасынын биринчи орун басары Болсунбек Шадыбеков жана «Аквапром» компаниясынын директору Зафаржан Асанбаев катышып, шаар тургундарын жаңы дүкөндүн ачылышы менен куттукташты.
«Евразия Кыргызстан» регионалдык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулованын айтымында, төртүнчү дүкөндүн ачылышы бул долбоордун элге чыныгы пайда алып келип, чоң суроо-талапка ээ экенин дагы бир жолу тастыктады.
«Бүгүн биз “Евразия” социалдык дүкөндөрүнүн төртүнчүсүн ачып жатабыз. Бул жөн гана тармакты кеңейтүү эмес — бул эң муктаж жарандарга сапаттуу жана пайдалуу азыктарды жеткирүүгө карай дагы бир маанилүү кадам. Иштеп келе жаткан убакыт ичинде биз тургундардан көптөгөн ыраазычылыктарды жана жылуу пикирлерди алдык. Бул бизге шыктануу берип, алдыга жылууга, өнүгүүгө, жаңы дүкөндөрдү ачууга жана сатып алуучулар үчүн ыңгайлуу түзүүгө түрткү берүүдө», — деди ал.
«Бишкекпекарня» компаниясынын өкүлү бул дүкөнгө нан жеткирүү алар үчүн чоң кубаныч экенин белгиледи. Анткени бул дүкөн элге, айрыкча пенсионерлерге жардам берүү максатын көздөйт.
«Ар бир сатып алуучу ыраазы болсо дейбиз. Биз үчүн нан жөн гана азык эмес — ал жылуулук, кам көрүү жана ар бир үйдүн бир бөлүгү. Эми ошол жылуулук “Евразия” дүкөнүнүн текчелеринде болоруна сыймыктанабыз», — деди Турсуналиева.
Келген коноктор жаңы ачылган дүкөндүн ичине кирип, бардык шарттардын талапка жооп берерин жана сатып алуучулар үчүн ыңгайлуу экенин белгилешти. Муну менен катар пенсионерлер азык-түлүктөргө болгон баалардын жеткиликтүүлүгүн жогору баалашты.
«Жүрөктөн жүрөккө» ураанын алып жүргөн «Евразия» социалдык дүкөндөрү — пенсионерлерге жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга чыныгы жардам көрсөтүүгө багытталган долбоор.
Дүкөндөрдүн кызматкерлери күн сайын сатып алуучулар үчүн эң ылайыктуу бааларды сунуштап, товарлардын түрүн кеңейтүү үстүндө иштешет. Бул жерден керектүү азык-түлүктөрдү жана күнүмдүк товарларды атайын социалдык карта аркылуу сатып алууга болот. Карта дүкөндүн өзүндө анкета толтуруунун негизинде акысыз берилет.
Бул долбоор «Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюму менен Кыргыз Республикасы ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.
[19:10, 12.11.2025] Миленк АКИ: это видео
Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»