10:45, 19-ноябрь, 2025
Учурда окулуп жатат
20:00, 18-ноябрь, 2025 (35 адам окуп жатат)
Кроссворд — Кыргызстанды канчалык деңгээлде билесиз?
10:24, 19-ноябрь, 2025 (14 адам окуп жатат)
Кызыл-Кыядагы жаңжал адам өлүмү менен аяктады
17:01, 18-ноябрь, 2025 (13 адам окуп жатат)
«КЫРГЫЗДЫН 40 КЫЗЫ»: долбоору катышуучуларды издейт

Ала-Тоо аянтындагы жашыл пиксель: Жаңы телеканал студиясын эмне үчүн калаанын борборуна орнотту?

На русском
17:01, 4-ноябрь, 2025 1596

АКИpress -  Жакынкы күндөрү Агропром имаратынын жанында өзгөчө жашыл конструкция пайда болду. Көрсө, бул жаңы «Номад-ТВ» кыргыз телеканалынын пикселдик студиясы экен. Телеканал ноябрдын аягында эфирге чыгууга даярданууда.

Бүгүн «Номад-ТВ» телеканалынын башкы редактору Наталья Кролевич телеканал эмне үчүн түз эле аянттан эфирге чыгуу чечимин кабыл алганын жана студия канча убакыт бул жерде болорун айтып берди.

«Пикселдик» студия — бул убактылуу көчмө конструкция

«Каркасты орното баштаганда шаар тургундары бул эмне болушу мүмкүн деп ар түрдүү божомолдорду айта башташкан. Акыры бул биздин телеканалдын студиясы болуп чыкты — жеңил, заманбап жана тез чогултулуучу имарат», — деди Кролевич.

— Эмне үчүн студияны дал Ала-Тоо аянтында орнотууну чечтик?

«Бул жерден аянтка, Манас баатырдын эстелигине жана өлкөнүн башкы желегине ачылган ажайып көрүнүш бар. Мындан тышкары, бул жер — борбордун жүрөгү, негизги мамлекеттик мекемелер, министрликтер жана ведомстволор ушул аймакта жайгашкан. Биз дал ушул түзүмдөр менен иштешүүнү пландап жатабыз», — деди Кролевич.

Студия аянттын түштүк тарабында орнотулган жана бул жерде бир нече ай болот. Андан кийин телеканалдын кызматкерлери аны башка жерге — балким, Кыргызстандагы башка шаарга көчүрүүнү пландап жатышат.

Наталья Кролевич ошондой эле башкы аянттагы «пикселдик» студия боюнча айтылган сындарга да үн катты. Телеканалдын башкы редактору мындай реакция күтүлгөнүн белгиледи.

«Бизде эл жаңы нерсеге ар дайым этият мамиле кылат. Башында каршы чыгып, кийин жакшылап карап көрсө, анчалык жаман эместигин түшүнөт. Биз мунун баарын түшүнөбүз. Дал ошон үчүн бул жердебиз — түшүндүрүү, көрсөтүү жана бул Кыргызстанда али боло элек инновациялык нерсе экенин далилдөө үчүн», — деп белгиледи Кролевич.

Ал ошондой эле көчөдөн өтүп жаткан адамдардын чыныгы реакциясы социалдык тармактардагы пикирлерден айырмаланарын белгиледи.

«Мен болгону жылуу, жакшы кабыл алууну көрүп жатам. Балдар сырттан журналисттерге кол булгалап, көңүлүбүздү бурганга аракет кылышат, көрүнүш үчүн секирип да жатышат. Эл студиянын фонунда сүрөткө түшүшүүдө. Ооба, баары кызыгып карап өтүшөт, бирок эч кандай нааразычылык же терс реакция жок.

Мындай түрдөгү курулуштар — Олимпиада оюндары, ири спорттук иш-чаралар же маанилүү эл аралык саммиттер өткөн шаарларда кеңири колдонулган практика. Анын артыкчылыктары — жеңил конструкциясы, тез орнотулушу жана ичинен берилген жогорку сапаттагы телекөрсөтүү көрүнүшү», — деп белгиледи башкы редактор.

Социалдык тармактарда Агропром имаратынын жанындагы жашыл конструкция Чыңгыз Айтматовдун эстелигине жолду жаап калды деген талкуу жаралды. Бирок чындыгында, белгилүү жазуучунун эстелигине карай көрүнүштү пикселдик студия жаап калган эмес, ага өтүү да толугу менен ачык.

«Өз көзүңүз менен көрө аласыз — эстелик мурда турган ордунда эле турат. Студия эстеликтен жетиштүү аралыкта жайгашкан. Мындан тышкары, биздин студиянын ичинен тартылган көрүнүштө Чыңгыз Айтматовдун эстелиги да көрүнүп турат, бул кадрды дагы да кызыктуу жана кооз кылат», — деп белгиледи Кролевич.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»