22:28, 12-март, 2026

Россия менен Кыргызстандын 300гө жакын мектеп директору эки өлкөнүн билим берүү системасын интеграциялоо жолдорун талкуулашты

12:30, 1-ноябрь, 2025 954

АКИpress - Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын мектеп жетекчилеринин III форуму жыйынтыкталды. Бул билим берүү тармагындагы жетекчилердин кесиптик өсүүсүнө, тажрыйба жана мыкты практика алмашууга, ошондой эле кесиптик байланыштарды түзүүгө мүмкүндүк берген ири аянтча болуп калды.

Форумга Кыргызстандагы 273 жана Россиядагы 20 мектеп жетекчиси катышып, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо жана биргелешкен чечимдерди издөө үчүн диалог аянтчасын түзүштү.

Бул сессия «Евразия» автономиялык коммерциялык эмес уюму,  Россотрудничество тарабынан Евразиялык орус тили жана маданият борборунун базасында уюштурулду.

Сессиянын алкагында эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилери мектептердин алакалары боюнча бирдиктүү «жол картасын» түзүү маселесин талкуулашты. Документ биргелешкен демилгелерди, тажрыйба жана ресурстарды алмашууну системалаштырууга, узак мөөнөттүү жана натыйжалуу өнөктөштүктү түзүүгө көмөк көрсөтөт. Катышуучулар белгилегендей, формалдуу эмес, окуучулар, мугалимдер жана мыкты практикалар менен алмашуу аркылуу иш жүзүндө жандуу байланыш механизмине айланышы керек. 

«“Евразия” уюму бул “жол картанын” ишке ашуусун коштоп, мектептерге керектүү колдоо көрсөтөт. Биздин максат — бул пилоттук долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу жана топтолгон тажрыйбаны Россия менен Кыргызстандын бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүгө, андан ары евразиялык билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүүгө негиз кылуу», — деди «Евразия» уюмунун билим берүү программалары департаментинин жетекчиси Екатерина Дынник.

«Евразия» уюму менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруусу өткөн жылдын сентябрь айында башталган. Ошол маалда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлуп, Кыргызстан уюмдун салттуу баалуулуктар платформасына кошулган алгачкы өлкө болгон. Анын алкагында «Евразияны тааны. Кыргызстан» аттуу кеңири масштабдагы долбоор ишке киргизилип, ага континенттин ар кайсы өлкөлөрүнөн жүздөгөн жаштар катышкан. Мындан тышкары, өлкөнүн алыскы аймактарындагы окуучулардын мектепке ыңгайлуу жетүүсү үчүн «Евразия» 100 заманбап автобусту белекке берген.

2025-жылдын июнь айында Казань шаарында өткөн «Келечекти калыптандыруу» аттуу III Эл аралык билим берүү министрлеринин форумунда «Евразия» уюму «Евразия лицейи» деп аталган келечектеги эл аралык мектеп концепциясын сунуштаган. Аталган долбоор Евразия өлкөлөрүндөгү мектептерди бириктирип, советтик билим берүү системасынын мыкты салттарын — мектеп менен үй-бүлөнүн биримдигин сактоону көздөйт.

«Евразия» — эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү автономдуу коммерциялык эмес уюм. Ал жеке каражаттардын эсебинен ишке ашкан гуманитардык долбоорлор аркылуу салттуу баалуулуктарды сактоого жана эл аралык байланышты өнүктүрүүгө багытталган. Уюм ар түрдүү маданият өкүлдөрүнө баарлашууга, билим берүү, медицина, жаштар алмашуусу сыяктуу тармактарда долбоорлорду өнүктүрүүгө шарт түзөт. Негизги багыттарынын бири — мектеп окуучуларын, студенттерди жана жаш адистерди колдоо.

«Евразия» ошондой эле мугалимдер жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары үчүн форумдарды, профплатформаларды уюштурат, журналисттерге жана блогерлерге гранттар берет, тарых менен маданиятты сактоо багытындагы долбоорлорду колдойт. Бир жыл ичинде уюм ар кайсы өлкөлөрдөн 100 миңден ашуун катышуучуну бириктирип, Евразия мейкиндигиндеги алдыңкы гуманитардык кызматташтык платформасына айланган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»