25 миллион рублдук «Евразия» сыйлыгы: Кыргызстан эң көп арыз тапшырган өлкөлөрдүн катарын толуктады
На русском
АКИpress - Эл аралык «Евразия» сыйлыгы алгач ирет өткөрүлүүдө. Бул сыйлыкты «Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюму Россотрудничество менен өнөктөштүктө негиздеген.
Анын максаты — коомду шыктандырып, үлгү көрсөтүп келген, эмгеги аркылуу Евразия мейкиндигинде элдердин ортосундагы маданий байланышты чыңдоого, салттуу баалуулуктарды жана тарыхый эс тутумду сактоого, мамлекеттер ортосундагы маалыматтык тоскоолдуктарды жоюуга салым кошкон адамдарды колдоо болуп саналат.
Сыйлыктын номинанттары катары 27 өлкөдөн 3700дөн ашуун адам көрсөтүлдү. Алардын арасында Италия, Испания, Иордания, Индия, Гана, Афганистан жана Непалдын өкүлдөрү бар. Эң көп арыздар Россия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Армениядан түшкөн. Ага жеке адамдар — лидерлер, активисттер, ыктыярчылар, маданият жана илим өкүлдөрү, ошондой эле бейөкмөт уюмдар, коомдук бирикмелер, өнүгүү институттары жана конкреттүү демилгелерди ишке ашырып жаткан топтор катышууда.
«“Евразия” сыйлыгы дүйнө жүзү боюнча чоң кызыгуу жаратты. Биз аны биринчи жолу өткөрүп жатабыз. Бул жөн гана сыйлык берүү эмес — биз катышуучуларга элдик дипломатияга кошкон салымы, салттуу баалуулуктарды жана тарыхый чындыкты сактоо боюнча күнүмдүк эмгеги, жардамга муктаждарга кол сунганы жана жакшылык жасаганы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Алардын ар бири — бул дүйнө үчүн маанилүү жана алардын иши зарыл. Учурда эл аралык добуш берүү этабы башталды, ал жеңүүчүлөрдү аныктайт. Бирок менимче, бардык катышуучулар — дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүп жаткан биздин доордун чыныгы баатырлары», — деди Россия Мамлекеттик Думасынын депутаты, «Евразия» уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова.
Сыйлыктын жалпы байге фонду — 25 миллион рубль. Ал билим берүү, маданият, медиа, лидерлик, орус тилин колдоо жана башка багыттардагы 15 негизги жана атайын номинацияларда ыйгарылат. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:
- «Тынчтыктын тили» — орус тилин эл аралык баарлашуунун тили катары өнүктүрүү жана сактоо үчүн;
- «Маданий код» — маданияттар аралык алмашууну өнүктүрүү үчүн;
- «Коомдук таануу» — социалдык, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө эл аралык кызматташтыкты илгерилетүү үчүн;
- «Мурас эсинде» — тарыхый чындыкты сактоо үчүн;
- «Евразиянын добушу» — континент элдеринин тарыхы, маданияты жана азыркы жашоосу тууралуу аз белгилүү барактарды ачкан долбоорлор үчүн;
- «Жаркын старт» — 14–18 жаштагы окуучулар жана студенттер үчүн, жаштар медиасын же маданияттар аралык клубдарды түзүүдөгы демилгелери үчүн.
«Россия ар дайым билим берүү, маданият жана гуманитардык кызматташтык аркылуу башка өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө жардам берип келген. Бүгүн бул сыйлык элдик дипломатияны мамлекеттер ортосундагы достукту чыңдоонун күчтүү куралына айлантуу миссиясын аткарып жатат», — деди Россотрудничествонун жетекчиси Евгений Примаков.
Эл аралык «Евразия» сыйлыгы бир нече этап менен өтөт. Биринчи этап — арыздарды кабыл алуу, экинчиси — эксперттик баалоо — 28-сентябрда аяктаган. Бардык арыздар эл аралык кеңештин 60 мүчөсүнөн турган курам тарабынан тыкыр жана адилеттүү бааланган. Кеңешке мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, алдыңкы жогорку окуу жайлардын проректорлору, илим докторлору, профессорлор, маданият, искусство жана билим берүү тармагындагы эмгек сиңирген ишмерлер, ошондой эле медиа жана дипломатия өкүлдөрү кирген.
Эл аралык «Евразия» сыйлыгы бир нече этап менен өтөт. Биринчи этап — арыздарды кабыл алуу, экинчиси — эксперттик баалоо — 28-сентябрда аяктаган. Бардык арыздар эл аралык кеңештин 60 мүчөсүнөн турган курам тарабынан тыкыр жана адилеттүү бааланган. Кеңешке мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, алдыңкы жогорку окуу жайлардын проректорлору, илим докторлору, профессорлор, маданият, искусство жана билим берүү тармагындагы эмгек сиңирген ишмерлер, ошондой эле медиа жана дипломатия өкүлдөрү кирген.
6-октябрдан тартып эл аралык онлайн добуш берүү этабы башталды.
Ар бир каалоочу сыйлыктын расмий сайтында өзүнө жаккан долбоор, уюм же адам үчүн добуш бере алат. Добуш берүү 19-октябрга чейин уланат.
Ал эми 29-октябрда Москва шаарындагы «Россия» улуттук борборунда сыйлыкты тапшыруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт. Жеңүүчүлөргө статуэтка, акчалай сыйлык, сертификаттар жана өнөктөштөрдөн белектер тапшырылып, алардын долбоорлоруна эксперттик колдоо көрсөтүлөт.
«Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюму — эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү уюм.
Бул уюм жеке демөөрчүлөрдүн каражатына ишке ашырылган гуманитардык долбоорлор аркылуу салттуу баалуулуктарды сактоого жана эл аралык баарлашууну өнүктүрүүгө багытталган.
«Евразия» коом үчүн маанилүү социалдык демилгелерди колдоп, ар түрдүү маданияттагы адамдардын бири-бири менен баарлашуусуна шарт түзөт. Ошондой эле билим берүү, медицина жана агартуу тармактарында долбоорлорду өнүктүрүү менен алектенет.
Уюмдун негизги багыттарынын бири — окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо. «Евразиянын» долбоорлорунун арасында билим берүү программалары, ири мамлекеттик компаниялардагы тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү жана медиа мектеби бар.
Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»