16:53, 18-ноябрь, 2025

Кыргызстандын жаш лидерлери Москвада «Россияны тааны» долбоору аркылуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышты

На русскомНа русском
17:47, 8-октябрь, 2025 1331

АКИpress -  Кыргызстандын жети облусунан келген жаштар уюмдарынын лидерлери жана активисттери «Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюму ишке ашырып жаткан «Россияны тааны» (Узнай Россию) эл аралык агартуу долбооруна катышышты.

Программанын алкагында катышуучулар 5 күн бою Россиянын борбор калаасында болуп, өлкөнүн маданияты, тарыхы жана заманбап жетишкендиктери менен таанышышты.

Сапардын программасына Москва шаары боюнча обзордук экскурсия кирген. Анын жүрүшүндө катышуучулар Кызыл аянтты, «Москва-Сити» ишкерлер борборун, «Добро.РФ» платформасынын кеңсесин, «Элдин эрдиги» экспозициясы жайгашкан Жеңиш музейин жана «Девчата» аттуу театрдык коюуну көрүштү.

Мындан тышкары, катышуучулар Россиянын студенттик отряддарынын (РСО) мультимедиалык борборуна барып, жаштар жана коомдук уюмдардын социалдык маанидеги демилгелерин ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы менен таанышышты.

Ошондой эле кытышуучулар улуттук «Россия» борборундагы көргөзмөгө катышып, учурда ишке ашырылып жаткан жаңы технологиялар дүйнөсүнө саякат жасашты.

Программанын алкагында кулинардык мастер-класс, «Россияны тааны» аттуу квиз жана Кыргызстандагы социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча брейншторм өткөрүлдү.

Катышуучулар өзгөчө көңүлдү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, «Евразия» уюмунун төрайымы Алена Аршинова менен болгон жолугушууга бурушту. Анда тараптар кызматташтык жана жаштар демилгелерин өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Катышуучулардын айтымында, бул сапар алардын дүйнө таанымын кеңейтип, заманбап Орусиянын жашоосу, илимий-техникалык жетишкендиктери жана мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан таанышууга шарт түздү. Программанын жыйынтыгында ар бир катышуучуга сертификаттар тапшырылды.

«Россияны тааны» долбоорунун өзгөчөлүгү — ал катышуучуларга өлкө менен сырттан эмес, түздөн-түз таанышууга, анын өнүгүүсү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жеке пикир түзүүгө шарт түзөт. Уюштуруучулардын айтымында, мындай элдик дипломатиянын демилгелери Кыргызстан менен Россия элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту чыңдоого өбөлгө болот. 

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»