Маданият министрлиги менен «Евразия Кей Джи» фондунун ортосунда кызматташтык меморандуму түзүлдү
На русском
АКИpress - Бүгүн, 25-сентябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Евразия Кей Джи» фондунун ортосунда кызматташтык тууралуу меморандум түзүлдү.
Документке министр Мирбек Мамбеталиев жана «Евразия Кей Джи» аймактык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова кол койду.
Меморандум жаштар саясаты тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, жаштардын демилгелерин колдоого жана маданий мурастарды сактоого багытталган.
Тараптар Кыргызстанда маданий демилгелерди өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү өнөктөштүккө даяр экендигин билдиришти.
«Евразия» — эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү автономдуу коммерциялык эмес уюм. Ал салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык алакаларды өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырат.
«Евразия» социалдык маанилүү демилгелерди колдойт, ар түрдүү маданияттагы адамдардын баарлашуусуна мүмкүнчүлүк түзөт, билим берүү, медицина тармактарында долбоорлорду өнүктүрөт. Негизги багыттарынын бири — окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо.
Долбоорлордун катарында — билим берүү программалары, алмашуу жана ири мамлекеттик компанияларда стажировкалар, медиамектеп бар. Ошондой эле «Евразия» долбоору мектеп жана жогорку окуу жайларынын мугалимдери үчүн кесиптик платформаларды жана форумдарды, журналисттер менен блогерлер үчүн гранттарды, тарых менен маданиятты сактоо багытындагы долбоорлорду колдоону камтыйт.