02:40, 11-декабрь, 2025
Учурда окулуп жатат
15:45, 10-декабрь, 2025 (1 адам окуп жатат)
Таласта көмүр бааларынын туруктуулугу текшерилүүдө
15:57, 10-декабрь, 2025 (1 адам окуп жатат)
«Манас» театрында манасчылар мушташтыбы?

«Европадан артисттер чакырылып турат»: Кымбат Урумкулова акысыз «Евразия» паркынын программалары менен тааныштырды

На русском
10:08, 29-август, 2025 4533

АКИpress -  Бишкек шаарынын Орок айылында жайгашкан акысыз «Евразия» оюн-зоок паркы 1-сентябрдан тарта иш алып бара баштайт. Бул тууралуу Эл аралык кызматташуунун өнүгүшүнө көмөктөшүүчү «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюмунун «Евразия Кыргызстан» регионалдык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова билдирди. 

«Парк толугу менен “Евразия” уюму тарабынан каржыланган. Ага кирүү бардык жарандар үчүн акысыз. Ыңгайлуулук жаратуу максатында атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Тиркемени телефонго көчүрүп алып, онлайн кезекке туруп, кюар-код аркылуу турникеттен кирүүгө болот.

Парк күн сайын саат 10:00дөн 22:00гө чейин иштейт. Бирок кирүү убакыттары үч бөлүккө бөлүнгөн:

  • саат 10:00дөн 14:00гө чейин,
  • саат 14:00дөн 18:00гө чейин,
  • саат 18:00дөн 22:00гө чейин.

Мобилдик тиркемеде кошумча жаңылыктар бөлүмү бар, анда жакынкы иш-чаралар тууралуу маалымат жарыяланып турат. Ошондой эле атайын карта аркылуу ар бир аттракциондун жайгашкан жерин көрүүгө болот.

“Евразия” паркы жылдын бардык мезгилинде иштейт. Жалпысынан 30 аттракцион ишке киргизилет. Мындан тышкары, паркта цирк уюштурулат. Артисттер Европа менен Россиядан чакырылып, эл кызыгуусу үчүн ай сайын алмаштырылып турат. Ар бир программа боюнча жарнама алдын ала берилип турат», - деди Кымбат Урумкулова.

Буга чейин  «Евразия» паркы департаментинин директору Каныбек Жуманбаев курулуштун жүрүшү жана парктын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берген.

«Бул парк 10 гектар жерди ээлейт. Анын ичинде 30дан ашык аттракцион, аква-зона, кичи футбол аянтчасы, воркаут зонасы, цирк, дино-парк, балдар аянтчалары, лабиринт жана концерттер үчүн ылайыкталган сахна, боз үй формасындагы көргөзмө комплекси болот. Парк жыл бою — жайында да, кышында да иштейт. Маселен, кышында кичи футбол аянтчасы муз аянт катары колдонулат.

Учурда «Евразия» деген мобилдик колдонмо иштелип жатат. Анда аттракциондордун иш убактысы, фестивалдар жана башка иш-чаралар тууралуу маалымат алууга болот. Бул колдонмо жана расмий сайт аркылуу узун кезектерди болтурбоо максатында онлайн каттоо уюштурулат.

Мисалы, сиз келе турган убактыңызды тандап, колдонмо аркылуу QR-код менен парктын аймагына кире аласыз. Аттракциондорго да электрондук кезекке туруу мүмкүнчүлүгү болот. Парктагы бардык көңүл ачуулар акысыз», — деди Жуманбаев.

Аттракциондордогу эң башкы нерселердин бири — коопсуздук. Парктын аттракциондору Европа өлкөлөрүндөгү заводдордон алынып келинген. Алар дүйнөлүк стандарттарга жооп берет жана заводдон берилген атайын сертификаттары бар.

Парк 300 адамды жумуш менен камсыз кылат. Келүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 45 күзөтчү иштейт. Бардык аймактарга видеокамералар орнотулат. Ага кошумча милиция кызматкерлери жана медициналык пункт иштейт.

Ар бир аттракциондун өзүнүн операторлору жана администраторлору болот. Алар тиешелүү бардык окуу курсунан өтүшөт. Парктын ишиндеги маселелерди ыкчам чечүү үчүн администрациянын 2 имараты курулат.

Аттракциондор балдар жана чоңдор үчүн ылайыкталган. «Евразия» паркында Борбор Азиядагы эң чоң «Русские горки» аттракциону курулат. Анын узундугу — 720 метр, бийиктиги — 34 метр. Бул аттракционго Ысык-Көлгө Боом капчыгайы аркылуу соккон шамалга байланыштуу «Улан» деген аталыш берилген.

Келүүчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 2600 чарчы метр көлөкө зонасы уюштурулат. Ал жерлерде майда суулар чачырап турат. Парктын аймагына 2000ден ашык дарак отургузулат, 60 миң чарчы метр газон төшөлөт, 30 топиардык фигура, 650 чырак жана 6 чакырым ретрогирлянда орнотулат.

Аттракциондордогу башкы нерселердин бири — коопсуздук болот. Парктын аттракциондору Европа мамлекеттериндеги заводдордун алынып келинди. Алар дүйнөлүк стандарттарга жооп берет жана заводдон атайын сертификаттары бар. 

Парк 300 адамды иш менен камсыз кылат. Келгендердин коопсуздугу үчүн 45 күзөтчү иштейт. Бардык аймакка видеокамералар коюлат. Ага катар эле милиция жана медпункт иштейт.

Ар бир аттракциондун өзүнүн операторлору жана администраторлору болот. Алар тиешелүү бардык окутуулардан өтүшөт. Парктын ишиндеги маселелерди убагында чечүү үчүн администрациянын 2 имараты курулат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»