АКИpress - 20-августта «Россияны таанып бил» долбоорунун алкагында Кыргызстандык журналисттер «RT» («Russia Today») эл аралык телеканалынын редакциясына барышты, декабрда анын эфирге чыкканына 20 жыл толот.
Экскурсиянын жүрүшүндө меймандар орус жана англис жаңылыктар студияларынын ишин көрүп, «RTнын» билим берүү долбоорлорунун жетекчиси Анна Ковтунова менен жолугуша алышты. Ал «RTнын» түзүлүү тарыхы, өнүгүүсү, кабарчылардын ролу жана медиа чөйрөсүндөгү заманбап чакырыктар тууралуу айтып берди.
«Биз көптөгөн өлкөлөр жана тилдер менен, ошондой эле ар кандай форматтар менен иштеген медиакомпаниябыз. Биздин ишмердүүлүгүбүз теле көрсөтүү менен гана чектелбейт: биз социалдык тармактарда долбоорлорду ишке ашырып, даректүү контентти түзөбүз, ошондой эле көбүңүздөр тааныш жана кызматташып жүргөн Ruptly аттуу өзүбүздүн видеоагенттигибизди өнүктүрөбүз.
Бүгүнкү күндө компанияда 3000ден ашык кызматкер, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча көп сандаган стрингерлер иштейт. Былтыр биз Балкандарга берүүнү баштадык, ал эми азыркы учурда Индияда телеканалды ишке киргизүүгө даярданып жатабыз», - дейт Анна Ковтунова.
Ошондой эле журналистикадагы жасалма интеллект темасына өзгөчө көңүл бурулду. Изилдөө көрсөткөндөй, AI технологияларын колдонуу редакциялардын ишин бир топ жеңилдетет: күнүмдүк тапшырмалар автоматташтырылып, бул журналисттерге чыгармачылык ишке көңүл бурууга мүмкүндүк берет. Оң тенденцияларга автоматтык которуу, текстти мультимедиялык форматтарга айландыруу, жумуш процесстерин оптималдаштыруу кирет.
Ошол эле учурда, AIнын өнүгүшү тобокелдиктерди да алып келет: дипфейктердин жана псевдо жаңылыктардын пайда болушу, контентти манипуляциялоо мүмкүнчүлүгү, ошондой эле керектүү көндүмдөргө ээ адистердин жетишсиздиги.
«RT» - 2005-жылы негизделген жана «ТВ-Новости» АНО тарабынан башкарылган эл аралык телеканал. РФнын мамлекеттик бюджетинен каржыланат. Бүгүнкү күндө анын курамына англис тилдүү «RT International» каналы, ошондой эле «RT Arabic», «RT en Español», «RT France», «RT DE», «RT Balkan», даректүү «RT Documentary», «RT Doc» жана «RT Doc Hindi» каналдары кирет.