15:51, 12-март, 2026

Минкаб «Кыргызстан аэропортторуна» 82,7 га жер берип, компанияны 847 млн сомго капиталдаштырды

На русском
11:57, 5-август, 2025 504

АКИpress - Министрлер кабинети «Кыргызстандын аэропорттору» ААКсына Каракол, Бишкек шаарлары жана Кара-Суу районунан жалпы аянты 82,7 га жер тилкесин өткөрүп берүү жана компанияны 847 млн 778,5 миң сомго капиталдаштыруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Министрлер кабинетинин 24-июлдагы тескемесинде айтылгандай, Финансы министрлигине салыктык эмес кирешелер боюнча кошумча түшкөн каражаттардын эсебинен «Кыргызстандын аэропорттору» ААКсынын уставдык капиталына салым катары 847 млн 778 миң 505 сом бөлүү тапшырылды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке мамлекеттик мүлктүн объекттеринин рыноктук наркына баа берүү процедурасын жүргүзүү тапшырылды.

Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кыймылсыз мүлк объекттерине укуктардын өтүшүн каттоо тапшырылды.

Бул тескеменин аткарылышын коөзөмөлдөө Президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.

 Берилген жер тилкелер тууралуу маалымат катталуучуларга жеткиликтүү.

Полный доступ к архивам АКИpress (общественно-политические новости, культура, происшествия и спорт, а также новости стран ЦА)

1 новость950 сомКупить
год15000 сомподписаться?
Данные тарифы действуют только для частных лиц.
Если вам необходим корпоративный доступ к материалам (для организаций, госорганов, ведомств и т.д), пожалуйста, свяжитесь с нами по почте info@akipress.org

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»