АКИpress - Кыргызстанда 2025-жылдын II кварталынын жыйынтыгы боюнча 908 893 жеке турак үй бар. Бул тууралуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтарынан белгилүү болду.
Жеке үйлөрдүн көбү Ош облусунда катталган — 190 050 үй, Жалал-Абад облусунда — 186 030 үй. Турак жай фондунун олуттуу үлүшү Чүй облусуна — 140 423 үй жана Бишкек шаарына — 90 672 үй туура келет. Ошол эле учурда жеке турак жайдын эң аз саны Талас облусунда (44 657) жана Ош шаарында (37 587).