АКИpress - 4-июлда И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында «Балдар травматологиясынын жана ортопедиясынын актуалдуу маселелери» аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чара Кыргызстандагы балдар ортопедиясынын негиздөөчүсү Касымбек Тазабековдун 90 жылдыгына арналды.
Өзбекстан Республикасынын Травматология жана ортопедия боюнча адистештирилген илимий-практикалык медициналык борборунун өкүлдөрү З.С.Холов жана Г.Т.Холбоев 2018-жылдан 2024-жылга чейин 14 жаштан 18 жашка чейинки 106 өспүрүм хирургиялык дарылоодон өткөнүн билдиришти. Операция жасоого себептер: омуртканын кыйшаюу бурчу 40°дан ашык болушу, оорунун прогрессиясы, консервативдик дарылоонун натыйжасыздыгы жана бейтаптын каалоосу болгон.
Докладда дарылоого индивидуалдуу мамиле кылууга мүмкүндүк берген Lenke классификациясы кеңири каралды. Эң жакшы натыйжалар (87%дан ашык коррекция) I жана III типтеги деформацияларда жетишилген. Интраоперациялык нейромониторинг менен транспедикулярдык фиксацияны колдонуу татаалдашуу коркунучун кыйла азайтып, кийлигишүүлөрдүн коопсуздугун жогорулатты.
Авторлор сунушталган ыкма идиопатиялык сколиоздун бардык алты түрү үчүн эффективдүү экенин жана клиникалык практикада колдонууга сунушталганын белгилешти.