АКИpress - 4-июлда Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында Кыргызстандагы балдар ортопедиясынын негиздөөчүсү Касымбек Тазабековдун 90 жылдыгына арналган «Балдар травматологиясы жана ортопедиясынын актуалдуу маселелери» аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
Алматы шаарынын Ортопедиялык борборунун дарыгери Антон Золотухин «Медицинада 3D технологияларды колдонуу» деген темада баяндама жасады.
Анын айтымында, алардын борборунда мындай ыкмалар эбактан бери эле киргизилип, натыйжа берүүдө. Атап айтканда, идиопатиялык сколиозду, 1,5 жашка чейинки балдардын баш сөөгүнүн деформациясын, ошондой эле көкүрөк клеткасынын деформацияларын дарылоодо ийгиликтерге жетишилген.
3D технологияларды колдонуунун артыкчылыктары:
- Ыкчам жана так диагностика — 3D сканерлер кыска убакыттын ичинде дененин, баштын жана көкүрөк клеткасынын өлчөмдөрүн 0,1 ммге чейинки тактык менен алууга мүмкүндүк берет.
- Коопсуздук — түзүлүштөр Lidar технологиясынын базасында иштейт жана радиация чыгарбайт.
- Жогорулаган ыңгайлуулук — бейтаптар жана алардын ата-энелери дарылоонун жүрүшүн визуалдуу түрдө көзөмөлдөй алышат, бул ишенимди бекемдейт.
Антон Золотухин балдар ортопедиясында 3D технологияларды колдонуунун негизги багыттарын белгиледи:
- идиопатиялык сколиоздо Шено корсетин жасоо,
- ымыркайлар үчүн ортопедиялык баш кийим жасоо,
- көкүрөк клеткасынын деформациясында атайын каражаттарды даярдоо
- хирургиялык пландоо
Баяндаманын алкагында Антон Золотухин 3D технологияларды колдонуу менен жасалган көкүрөк каражаттарынын натыйжалуулугун көрсөткөн клиникалык учурларды көрсөттү.
Мисалы, 2024-жылдын декабрь айында көкүрөк клеткасынын II даражадагы деформациясы диагнозу коюлган 8 жаштагы балага атайын каражат (вакуумный колокол) кийүү дайындалган. Дарылоонун беш айынын ичинде эле оң динамика байкалды — визуалдык деформация азайды, дем кыстыгуусу төмөндөдү.
Ушундай эле диагноз коюлган 10 жаштагы башка бейтаптын дарылоосу он айга созулуп, жакшы клиникалык натыйжа менен аяктады.
2024-жылдын октябрь айында аныкталган көкүрөк клеткасында II даражадагы деформация бар 13 жаштагы балага көкүрөк ортези дайындалган. Дарылоонун алты айынын ичинде көкүрөк клеткасынын формасынын олуттуу жакшырышы байкалды, терапиянын аягы жакынкы айда күтүлүүдө.
Ушундай эле диагноз (II даража) коюлган 15 жаштагы бейтапта 2025-жылдын январь айында ортезди беш ай кийгенден кийин олуттуу оң динамика катталган.
2024-жылдын июнь айында көкүрөгүндө III даражадагы деформация бар башка 15 жаштагы бейтаптын дарылоосу он айга созулуп, ошондой эле оң натыйжа менен аяктады.