Бишкекте оңдоп-түзөөдөн кийин Жибек Жолу көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды
На русском
АКИpress - Бишкек шаарында Жибек Жолу проспектисинин Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Жол оңдоо иштеринин алкагында эски асфальт алынып, 2 катмар асфальт төшөлдү: биринчи катмардын калыңдыгы — 6 см, ал эми экинчиси — таш-мастикалуу асфальт, калыңдыгы — 5 см.
Мындан тышкары, жолдун эки тарабына жаңы бордюр орнотулуп, ирригациялык система оңдолду. Ошондой эле бардык жол белгилери коюлду.
Учурда жолдун эки тарабында туурасы 4 метр болгон тротуар куруу иштери уланууда. Жол курууга тоскоол болгон бардык объектилер алынды.
Жибек Жолу проспектисинин Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгү 2002-жылы Дүйнөлүк банктын кредиттик каражаттарынын эсебинен оңдолгон. 23 жыл ичинде каржынын чектелүүсүнөн улам оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.
Жибек Жолу проспектисинин 1,8 километр аралыктагы жолун оңдоо үчүн «Мостдорстрой» ЖЧКсы менен 173,9 млн сомго келишим түзүлгөн.
Жумуштар 2025-жылдын 5-апрелинде башталып, 2025-жылдын 5-июлунда аяктады.
2024-жылы Жибек Жолу көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолгон.