Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн тилкеси оңдоо иштерине байланыштуу жабылат
На русском
АКИpress - Бишкек шаарында 7-июлда Ахунбаев көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылы Ахунбаев көчөсүн 7-Апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин оңдоо пландалууда.
2024-жылы Ахунбаев көчөсү Юнусалиев көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин оңдолгон.
28-июндан тарта Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Саякбай Каралаев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылган.
