Бишкектеги күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатынын биринчи күнүндө кыргызстандыктар 7 медаль жеңишти
На русском
АКИpress - Бишкек шаарында 5-июлда күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпионаты старт алды.
15 жашка чейинки спортчулар арасындагы турнирдин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 10 медаль комплекти ойнотулду.
Кыргызстандан килемге 10 спортчу чыгып, алар 7 медаль жеңип алышты — 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло.
Тактап айтканда Хасан Гасанов Азия чемпиону болду, ал 85 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Кыргызстандык спортчу 5 атаандашын жеңип, 1-орунду ээледи.
Нурислам Шаимкулов (38 кг чейин) жана Байэл Асылбеков (62 кг чейин) финалга чейин жетип, күмүш медалдын ээси болушту.
Юсуф Баялиев (44 кг чейин), Нурэл Өзгөнов (48 кг чейин), Бакай Рустамов (57 кг чейин) жана Нурдин Анаркулов (75 кг чейин) коло медалдарга ээ болушту.