Жан Воинов бир айга камакка алынды
На русском
Окуя тууралуу: Бишкекте бийчи Жан Воинов кармалды |
АКИpress - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 5-июлда бийчи Жан Воиновду 1-августка чейин №21 тергөө абагына киргизди.
Соттон билдиришкендей, ал Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (бейбаштык) каралган кылмышты жасаган деп айыпталууда.
Буга чейин «Begemot Kyz» катары таанымал блогер Алина Жакыпова 30-июнда «Sheraton» мейманканасында достору менен чогуу сабалганын билдирген. Ал бул үчүн Воиновду, анын жубайы Зарина Алмасованы жана Заринанын инисин айыптаган.
Бул иш боюнча Воиновдун кайын иниси да кармалган.