02:35, 8-июль, 2025

С.Жапаров Москвадагы сапары шайлоо менен байланыштуу деген пикирди четке какты

На русском
12:20, 5-июль, 2025 988

АКИpress -  Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине Москвадагы сапары шайлоо менен байланыштуу деген пикирди четке какты.

Жакында Москва шаарына болгон иш сапарыңыз ар түрдүү пикирлерге себеп болду. Айрым маалымат булактары бул сапарды алдыдагы шайлоону макулдашуу максатында болгон деген божомолду айтышууда. Россия жетекчилиги менен алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча сөз болдубу?

— Москвага жумушчу сапарым менен гана барып келдим. Эки тараптуу экономикалык кызматташтык, соода-сатык, биздин мигранттардын маселелери жана башка иштер боюнча сөздөр болду.

Шайлоолор бул биздин ички саясий иштерибиз. Качан жана кандай өткөрөбүз аны биз эч ким менен кеңешпейбиз.

Кезектеги парламенттик шайлоо кийинки жылы күзүндө өтөт.