Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда акылдуу камералар иштеп баштады
На русском
АКИpress - 4-июлда Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда 14 жаңы аппараттык-программалык комплекстин даярдыгы текшерилди. Алар "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында ишке киргизилип жатат.
Ички иштер министрлиги билдиргендей, 5-июлдан баштап акылдуу камералар иштей баштайт.
«Кооптуу тилкелерде жол кыймылынын эрежелерин бузуу учурларын автоматтык түрдө каттай алган заманбап интеллектуалдык камералар орнотулду. Бул жабдуулар күнү-түнү тынымсыз иштеп, ылдамдыкты ашыруу, жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүү, жол белгилерин бузуу, коопсуздук куурун тагынбоо, ошондой эле жасалма мамлекеттик номурларды тагуу жана башка мыйзам бузууларды аныктай алат.
Мындан сырткары ар 5 чакырым сайын көчмө аппараттык-программалык комплекстер колдонулуп, «Автоураган» системасы менен жабдылган 7 патрулдук унаа кызмат өтөйт. Бул система жол эрежелерин бузган учурларды гана эмес, издөөдө жүргөн, айып пулдарын төлөбөгөн, соттун чечими менен каттоосу убактылуу токтотулган унааларды да автоматтык түрдө аныктайт», - деп айтылат расмий маалыматта.