Өкмөт үйү, Жогорку сот жана «Кабардын» имараттары тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесинен чыгарылды
На русском
АКИpress - Өкмөт үйү жана Жогорку соттун имараты тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесинен чыгарылды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинин 33, 60 жана 74-пункттары күчүн жоготту деп таанылат.
Аталган пункттарда төмөнкү объекттер көрсөтүлгөн:
- Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын жана Тышкы иштер министрлигинин имараты: Абдымомунов көчөсү 205 дареги – учурда бул жерде Жогорку сот жайгашкан;
- «КыргызКАБАР» агенттигинин имараты: Совет көчөсү 175 дареги (азыркы Абдрахманов көчөсү);
- Жогорку Кеңештин имараты: Абдымомунов көчөсү 207 дареги – азыркы Өкмөт үйү, анда Экономика министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги жайгашкан.
Азыр Жогорку сот жайгашкан имарат 1936-жылы архитекторлор П. Иванов, Ю. Дубов жана В. Верюжскийдин долбоору боюнча курулган. Ал Октябрь революциясынын урматына тургузулган. Ар кайсы жылдары бул жерде Жогорку Кеңеш, ТИМ, Чүй облустук администрациясы жана АУЦА жайгашкан.
Ал эми Өкмөт үйүн куруу 1950-жылдардын башында башталган. Башында имарат партиялык мектеп үчүн арналган, бирок кийинчерээк бул жерге жогорку бийлик органдары жайгаштырылган. 1960-жылдардан баштап анда Компартиянын БКсы жана Министрлер кеңеши, 1990-жылдары Жогорку Кеңеш иштеген. 2010-жылдан кийин имарат өкмөткө өткөрүлүп берилген.
«Кабар» агенттигинин имараты 1940-жылы курулган.