Кыргызстанда 2024-жылы кылмыш жасаган 1640 өспүрүм катталды
На русском
АКИpress - Кыргызстанда 2024-жылы кылмыш жасаган өспүрүмдөрдүн саны 1640ты түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
2023-жылы бул көрсөткүч 1552ни түзгөн.
Акыркы он жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч 2020-жылы катталган — 1031.
Региондор боюнча алдыңкы орундарда:
- Бишкек шаары (2024-жылы 452),
- Чүй облусу (293),
- Жалал-Абад облусу (215) турат.
