Ортопедия жана травматология көйгөйлөрү жамааттык чечимдерди талап кылат, - казакстандык профессор
На русском
АКИpress - Казакстандын алдыңкы травматолог-ортопеддеринин бири Уразбай Абдуразаков Касымбек Тазабековдун 90 жылдыгына арналган КММАдагы эл аралык конференцияга катышты.
«АКИpress» агенттигине берген маегинде ал мындай илимий иш-чаралардын аймактын жана дүйнөнүн саламаттыкты сактоо системасы үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстандагы, Казакстандагы жана алардын чегинен тышкаркы травматология жана ортопедия көйгөйлөрү көп жагынан окшош жана калктын санынын өсүшүнүн фонунда курчуп баратат.
«Калктын санынын көбөйүшү менен жаракаттардын жана таяныч-кыймыл аппаратынын ооруларынын саны өсүүдө. Бул чакырыктар барган сайын татаалдашууда, аларды чечүү адамзат үчүн оңой иш эмес», - деди ал.
Бишкектеги конференция Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана башка өлкөлөрдөүн адистердин тажрыйба алмашуу аянтчасына айланды. Катышуучулар дарылоонун жаңы ыкмаларын сунуштап, диагноз коюу жана бейтаптарды реабилитациялоо маселелерин талкуулашты.
«Биз жөн гана көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн эмес, өз жетишкендиктерибизди көрсөтүү үчүн келдик. Казакстанда сыныктарды, остеосинтезди жана муун патологияларын дарылоонун заманбап ыкмалары жигердүү киргизилип жатат. Мен бул багытты 1996-жылы өнүктүрө баштагам жана бүгүнкү күндө бул ыкмалар Борбордук Азиянын көптөгөн республикаларында колдонулууда», - деди ал.
Профессор Кыргызстанда да ортопедия жаатында оң жылыштар байкалып, окшош ыкмалар киргизилип жатканын белгиледи. Ал Сабырбек Жумабековдун салымын белгилеп, анын академик наамын алышы өлкө үчүн гана эмес, бүтүндөй аймактын илимий коомчулугу үчүн маанилүү окуя экенин кошумчалады.