03:52, 10-ноябрь, 2025
Учурда окулуп жатат

Бул конференция – балдар травматологдору менен ортопеддеринин биригүүсү үчүн себеп, - Россиянын академиги Касымбек Тазабековдун урматына арналган конференция тууралуу

На русском
16:10, 4-июль, 2025 383

АКИpress -  Бул конференция бардык балдар травматологдору менен ортопеддеринин биригүүсү үчүн жакшы себеп болот, деп билдирди 4-июлда Касымбек Тазабековдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда Россиянын Илимдер академиясынын академиги Николай Загородний.

«Биз бүгүн Касымбек Тазабековдун 90 жылдык мааракесин белгилеп жатканыбызга абдан кубанычтамын. Бизди эмне бириктирет? Баарыбыз советтик балдар травматологиясы жана ортопедиясы мектебинен чыктык. […] Ал (К.Тазабеков) – Борбордук травматология жана ортопедия институтунун (ЦИТО) окуучусу», – деди Загородний.

Ошондой эле ал кесиптештерин биргелешкен аракеттер менен балдар ортопедиясы жана травматологиясы багытын өнүктүрүүгө жана колдоого, илимий мектептин мураскорлугун сактоого чакырды.