Кыргызстандын ортопедиясы жогорку деңгээлде турат, - Түркиянын Сөөк жана муун хирургиясы ассоциациясынын президенти
На русском
АКИpress - Түркиянын Сөөк жана муун хирургиясы ассоциациясынын президенти Ведан Шахин Кыргызстандын ортопедия коому менен тыгыз кызматташтык бар экенин айтып, Кыргызстанда ортопедия тармагынын деңгээли жогору экенин билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстандагы балдар ортопедиясынын негиздөөчүсү Касымбек Тазабековдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга катышуу үчүн келген.
«Биз Кыргызстандын ортопедия коому менен активдүү өнөктөштүктөбүз жана бул кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө үмүттөнөбүз. Дал ушул максатта мен Бишкекке балдар ортопедиясы боюнча конгресске катышуу үчүн келдим», - деди ал «АКИpress» агенттигине.
Анын айтымында, Кыргызстанда балдар ортопедиясынын негиздөөчүсү Касымбек Тазабеков Түркияда белгилүү жана урматталат, ал бул багыттын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон.
«Мен аны терең урматтоо жана ыраазычылык менен эскерем», - деп кошумчалады ал.
Ведан Шахин Түркияда ортопедия жана травматология дүйнөлүк тенденциялардын алдыңкы сабында экенин белгиледи. Ал Кыргызстан дагы бул глобалдык тренддерди ээрчип жатканын көрүп турганын айтты.
«Кыргызстанда ортопедия абдан жогорку деңгээлде. Айрыкча профессор Сабырбек Жумабековдун салымынын аркасында ортопедиянын бардык багыттары, анын ичинде Түркияда да чоң ийгиликтер менен өнүгүүдө», – деди ал.
Ведан Шахин эки тараптын биргелешкен аракеттери менен дагы да жогорку натыйжаларга жетишүүгө болоруна ишенимин билдирди.
«Биздин коомдордун кызматташтыгы бизди өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгарат деп ишенем», - деп кошумчалады ал.