01:12, 8-июль, 2025

Жаракат алган балага канчалык эрте жардам көрсөтүлсө, социалдык колдоого муктаж балдар аз болот, - ЖК депутаты

На русском
15:45, 4-июль, 2025 160

АКИpress -  Балага канчалык эрте травматология жана ортопедия жаатында сапаттуу жана жеткиликтүү жардам көрсөтүлсө, өмүр бою социалдык колдоого муктаж балдардын саны ошончолук аз болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева («Ыйман нуру») Кыргызстандагы балдар ортопедиясынын негиздөөчүсү Касымбек Тазабековдун 90 жылдыгына арналган илимий форумда билдирди.

«Биз өмүрү жана эмгеги коомубуздун эң аялуу, эң маанилүү бөлүгү – балдарга арналган инсандын элесин эскерүү үчүн чогулдук. Бүгүнкү «Балдар травматологиясынын жана ортопедиясынын актуалдуу маселелери» конференциясынын темасы Кыргызстандын социалдык саясатына түздөн-түз тиешелүү», - деди Раимбачаева.

Ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды социалдык жактан коргоо жана реабилитациялоо тутумун өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи, ошондо балдар өз мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу түрдө ишке ашыра алышат.

«Касымбек Тазабеков сыяктуу дарыгерлердин жана алардын жолун жолдоочулардын иши бул тармактагы социалдык саясаттын негизи болуп саналат», - деп жыйынтыктады сөзүн депутат.