01:41, 8-июль, 2025

Травматология жана ортопедия глобалдык технологиялык секирик жасоодо, - өзбек илимпозу

На русском
15:40, 4-июль, 2025 149

АКИpress -  Өзбекстандын Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, медицина илимдеринин доктору, травматология тармагында 40 жылдан ашык тажрыйбасы бар Эсондавлат Шүкүров Бишкекте өткөн илимий-практикалык конференцияга катышты.

Иш-чара Кыргызстандагы балдар ортопедиясынын негиздөөчүсү Касымбек Тазабековдун 90 жылдыгына арналды.

Эсондавлат Шүкүров конференцияга ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштуулары келгенин билдирди.

«АКИpress» агенттигине берген комментарийинде ал мындай масштабдагы конференциялардын мааниси чоң экенин белгиледи.

"Залда Европадан жана Жакынкы Чыгыштан келген окумуштуулар чогулушту, бул тажрыйба алмашуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт", - деп кошумчалады ал.

Шүкүров бүгүнкү күндө травматология жана ортопедия бүткүл дүйнө жүзүндө технологиялык секирикти баштан кечирип жатканын белгиледи. Анын айтымында, Өзбекстанда роботтоштурулган хирургияны киргизүү боюнча алгачкы кадамдар жасалып, хирургиялык робот сатып алынып, кадрларды даярдоо башталды. Конференцияда өзбекстандык адистин доклады ушул багыттагы алгачкы кадамдарга арналды.

Конференцияда Шүкүров кошумча жаракаттарда узун сөөктөрдүн ачык сыныктарын эки этаптуу дарылоого арналган докладды тартуулайт. Кеп оор абалдар жөнүндө болуп жатат, мында жаракаттар сөөктөрдү гана эмес, ошондой эле маанилүү органдарды: баш мээни, ич көңдөйүн, көкүрөк клеткасын да камтыйт. Методика шокко каршы терапияны, сыныктарды убактылуу фиксациялоону жана бейтаптарды абалын турукташтырууну болжолдойт. Акыркы хирургиялык кийлигишүү абал турукташкандан кийин ишке ашырылат.

"Эң башкы милдет — жабырлануучунун өмүрүн сактап калуу. Ал эми бул контекстте убактылуу фиксация жана дарылоонун этаптуулугуна сабаттуу мамиле кылуу негизги ролду ойнойт", - деди ал.