02:12, 8-июль, 2025

Касымбек Тазабековдун ысымы Кыргызстанда балдар травматологиясынын синоними болуп калды, - саламаттыкты сактоо министри

На русском
10:41, 4-июль, 2025 193

АКИpress -  Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев Касымбек Тазабековдун ысымы Кыргызстанда балдар травматологиясынын синоними болуп калганын билдирди.

Бүгүн, 3-июлда К.Тазабековдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтүүдө. Министр К.Тазабеков республикада балдар травматологиясы жана ортопедиясынын башатында тургандыгын белгиледи.

«Ал Кыргызстанда бул тармактагы биринчи медицина илимдеринин кандидаты болгон. Өз ишинин чыныгы профессионалы гана эмес, таланттуу хирург, ортопед, травматолог, ошондой эле бийик моралдык сапаттарга ээ инсан болгон. Анын балдарга, өз бейтаптарына болгон сүйүүсү, адамгерчилиги жана боорукердиги шакирттеринин жана жолдоочуларынын эсинде терең сакталып калган. Ал ар тараптуу өнүккөн интеллектуал, жазуучу, Жазуучулар союзунун мүчөсү, бир нече чыгармалардын автору болгон. Ошондой эле ойлоп табуучу болуп, биринчи ортопедиялык шаймандарды иштеп чыккан. Өзүнүн мектебин түзүп, шакирттерди тарбиялаган, көрүнүктүү педагог болгон. Касымбек Тазабекович азыр да балдар травматологдорунун жаңы муунун шыктандырууда», - деди министр.

Ал бүгүнкү конференцияга дарыгердин шакирттери жана жолдоочулары чогулганын кошумчалады.

«Бул илимий-практикалык конференция улуу адамга болгон таазим гана эмес, балдар травматологиясы жана ортопедиясы жаатындагы акыркы илимий жана практикалык жетишкендиктер менен алмашуу аянтчасы болуп саналат. Баяндамалар окулуп, пикир алмашуу болот. Бүгүн бул жерге Медицина кызматкерлеринин күнүнүн алдында балдар травматологиясынын чыныгы интеллектуалдык элитасы чогулду. Бардык медиктерди, бейтаптардын жыргалчылыгы үчүн эмгектенгендердин баарын дагы бир жолу куттуктайм. Сиздерге чың ден соолук, бакубатчылык жана кесиптик ийгиликтерди каалайм. Сиздерге эмгегиңиздер, сабырдуулугуңуздар жана ишке берилгендигиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем», - деп кайрылды министр.

Эркин Чечейбаев мамлекет травматология жана ортопедиянын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп, аны медицинадагы артыкчылыктуу багыт деп эсептей тургандыгын белгиледи.

«Силер билесиңер, травматизм өлүмдүн төртүнчү себеби болуп саналат. Айрыкча жол кырсыктарынын статистикасы трагедиялуу. Кыргызстандын жолдорунда жыл сайын болжол менен 1000 адам каза болуп, алардын 200гө жакыны балдар болот. Травматологияны өнүктүрүү мамлекет үчүн эң чоң артыкчылык. Президенттин тапшырмасы боюнча жаңы Улуттук травматология борборун түзүү чечими кабыл алынды. Курулушка жана жабдууга каражат бөлүндү. Жумуштар кызуу жүрүп жатат. 2026-жылы биз дүйнөлүк стандарттарга жооп берген, чатырында тик учак аянты бар заманбап жети кабаттуу борбордун имаратын ишке киргизебиз деп үмүттөнөбүз», - деп билдирди министр.