00:37, 13-март, 2026

Чүйдө болот конструкцияларын чыгарган завод курулат. Инвестор компаниянын ээси — мурдагы чиновниктин уулу

На русском
16:49, 13-май, 2025 1246

АКИpress - Министрлер кабинети Чүй облусунда ири курулуш үчүн болот конструкцияларын чыгарган завод куруу боюнча жеке компания менен инвестициялык келишим долбоорун жактырды.

Компаниянын уюштуруучусу — мурдагы жогорку кызматтагы чиновниктин уулу.

Минкабдын 25-апрелдеги тескемесинде айтылгандай, бул келишимге Чүй облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт. Анын анча маанилүү эмес өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу бар.

Инвестор келишимге кол коюлган учурдан тартып 5 жыл ичинде кеминде 18 млн доллар жумшоого милдеттенет.

Бул максатта Министрлер кабинети 49 жылга Аламүдүн районунун Достук айыл аймагынан 17 га жер тилкесин ижарага берет.

Авторизация / Регистрация

выш выбор: год (15000 сом)

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»