01:01, 16-июнь, 2025
18:09, 15-июнь, 20251056 Боомдо сел жүрдү

Көйгөйлүү турак жайлар: Дареги жана ээлери

На русском
13:43, 2-май, 2025 575

АКИpress -  Кыргызстанда 100дөн ашык көп кабаттуу үй тийиштүү юридикалык каттоодон өтпөй, анда жашаган жарандар үчүн олуттуу көйгөйлөр жаралып жатканын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирген.

Анын айтымында, мындай үйлөрдүн тургундары батирлерине менчик укугун ала албай, мындан улам коммуналдык кызматтарга  төлөмдөрдү кымбат коммерциялык тарифтер менен төлөп, каттоодо, балдарын мектепке жана бала бакчага орноштурууда, ошондой эле шайлоого катышууда кыйынчылыктарга туш болушат.

Бул үйлөрдүн көбүн компаниялар куруп бүтүргөн эмес — бардык керектүү документтерди тариздешкен эмес. Айрым учурларда тургундар өздөрү имараттарды куруп бүтүрүп, аларга отурукташып алышкан, бирок юридикалык жактан бул турак жай дагы эле таанылган эмес.

Министрлик мындай объектилерди тариздөө ишин аягына чыгаруу боюнча масштабдуу кампанияны баштаган. Жакынкы аралыкта менчик укугу жөнүндө биринчи күбөлүктөрдү берүү башталат.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Бишкек, Ош шаарларында жана Жалал-Абад облусунда жайгашкан, бүгүнкү күнгө карата толук юридикалык таризделбеген 41 көп кабаттуу үйдүн тизмесин берди.

Эң көп таралган себептердин арасында — долбоордук-уруксат берүүчү документтердин жоктугу, долбоордогу өзүм билемдик менен киргизилген өзгөртүүлөр, ак ниетсиз же жоюлган подрядчы уюмдар, туташтырылбаган же таризделбеген инженердик тармактар бар.

Полная версия новости по подписке

АКИpress'тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

бир жаңылык950 сомСатып алуу
бир жыл3500 сомкатталуу?
Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org