«RG Brands» Рамазандагы ири кайрымдуулук акциясына катышууга чакырат

АКИpress - «RG Brands» компаниясы Рамазан айына арналган масштабдуу кайрымдуулук акциясын баштап жатат жана кыргыз элин бул жакшы саамалыкка катышууга чакырат.
Ыйык Рамазан — бул руханий тазалануунун, ырайымдуулуктун жана кам көрүүнүн мезгили. Бул баалуулуктарга таянып «RG Brands» акцияга катышып, муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзүп жатат.
Акцияга катышуунун шарттары өтө жөнөкөй:
1. «RG Brands» компаниясынын сиз каалаган акциялык суусундугун алыңыз: Pepsi, A'SU, A’SU VO!, Piala Gold, AVA, DaDa.
2. Таңгактагы QR кодду vpluse.me сайтына кирип сканерлеңиз.
3. Ар бир сатып алынган суусундуктан түшкөн 1 сом кайрымдуулук фондуна которулат.
Топтолгон каражат муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк алып берүү үчүн жумшалат. Азык-түлүккө өсүмдүк майы, дан азыктары, макарон, консерва, таттуулар, курма жана «RG Brands’тин» продукциялары — Piala Gold чайы, A’SU суусу жана DaDa ширелери кирет. Азык-түлүктөр Бишкек шаары жана Чүй, Ош, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы муктаж үй-бүлөлөргө берилет.
Кошумча жардам берүү мүмкүнчүлүгү да бар. Эгерде сиз vpluse.me сайтындагы лотерея аркылуу утушка ээ болсоңуз, анын акчасын да кайрымдуулук фондуна өткөрүп бере аласыз.
Акция «Кызыл Жарым ай» эл аралык гуманитардык коомунун колдоосу менен өткөрүлүп жатат.
Келиңиз, бирге кайрымдуулук жасайлы! Акцияга кошулуп, колдоого муктаждарга жардам бериңиз!
Компания тууралуу:
«RG Brands» — Борбор Азиядагы алкоголсуз суусундуктардын ири өндүрүүчүсү. Кыргызстандагы керектөөчүлөргө «RG Brands’тин» продукциясы 1997-жылдан бери таанымал. Компания башынан эле өз ара пайдалуу ынак коңшулук мамилесин өнүктүрүп, сатып алуучуларга жогорку сапаттагы продукцияны сунуштап, жумуш орундарын түзүп, олуттуу салык төлөп келет. Соңку 5 жылда компания 4,5 млрд сом салык төлөдү. «RG Brands’тин» Кыргызстандагы компаниясында 800дөй кызматкер туруктуу иштейт жана кичи бизнестин миңдеген өкүлдөрү өнөктөш болуп саналат.
Акциянын мөөнөтү 17-февралдан 15-апрелге чейин.