14:01, 15-март, 2025

2026-жылдан баштап пенсияга чыгуу үчүн минималдуу эмгек стажы өзгөрүп баштайт

На русском
09:53, 14-март, 2025 1528

АКИpress -  2026-жылы пенсияга чыгуу үчүн талап кылынган минималдуу эмгек стажы өзгөрөт, деп билдирди Социалдык фонддун өкүлү Жеңиш Мукамбетов «Биринчи радионун» эфиринде.

Ал жаңы мыйзамга ылайык аялдар жана эркектер үчүн талап кылынган стаж 5 жылды түзөрүн белгиледи. Аялдар 58 жашка, эркектер 63 жашка чыкканда ушул стаж менен пенсияга чыга алышат.

«Мындай норма 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот, ал эми 2026-жылдын 1-январынан тартып талап кылынган стаж 6 жылды түзөт, башкача айтканда бир жылга көбөйөт. Келечекте стаж жыл сайын бир жылга көбөйүп, 2040-жылга карата 20 жылга жетет», - деди ал.

Мукамбетов буга чейин пенсияга чыгуу үчүн 20 жана 25 жылдык стаж талап кылынганын эске салды.

Пикирлер