13:49, 15-март, 2025

118 фостердик үй-бүлөдө 247 бала тарбияланып жатат

09:47, 14-март, 2025 217

АКИpress -  Учурда өлкөнүн аймагындагы 118 фостердик үй-бүлөдө 247 бала тарбияланып жатат. 2025-жылдын 1-мартына карата мындай маалыматты Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фостердик үй-бүлөлөрдөгү балдардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 15,0%га көбөйгөн. Ошондой эле учурда багып алуучу ата-эне болууга 43 талапкер Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турат.

Пикирлер