Денвердеги аэропортто учак өрттөнүп, жүргүнчүлөр учактын канатына эвакуацияланды
На русском
АКИpress - 13-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чамасында Американын Колорадо штатындагы «Денвер» эл аралык аэропортунда «American Airlines» компаниясынын учагы өрттөндү. Бул маалыматты «Fox News» билдирди.
Авиакомпаниянын өкүлү журналисттерге билдирген маалымат боюнча, бул учак Американын борбордук бөлүгүндөгү Колорадо-Спрингс шаарынан учуп чыккан. Ал «Даллас-Форт-Уэрт» эл аралык аэропортуна багыт алып, бирок орто жолдон Денверге кайрылган. Учак жерге конгондон кийин кыймылдаткычтарда көйгөй жаралганы айтылды.
172 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү куткарылды. Жаракат алгандар болгон жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.