Февраль айында колдонулган унаалардын баасы 11,6%га арзандады
На русском
АКИpress - Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын февраль айында колдонулган унаалардын баасы 2024-жылдын февраль айына салыштырмалуу 11,6%га арзандады.
2025-жылдын февраль айында эски унаалардын баасы орточо эсеп менен 702 миң сомду түзгөн. Бир жыл мурун баалар 794 миң сом деңгээлинде болчу.
2024-жылдын биринчи жарымында колдонулган унаалар арзандап, андан кийин күзүндө баалар көтөрүлө баштаган, бирок 2025-жылдын башынан тарта кайрадан арзандап жатат.