14:27, 15-март, 2025

Эмомали Рахмон менен Жогорку Кеңештин төрагасы сүйлөштү

На русском
17:41, 13-март, 2025 414

АКИpress -  Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Тажик Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту.

Жолугушууда кыргыз-тажик кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Алгач Нурланбек Тургунбек уулу мамлекеттик чек аралардын такталышы эзелтен коңшу жашаган эки элдин алакасын арттырууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, бул жааттагы өлкө башчыларынын саясий эрки кызматташтыктын жаңы барагын ачууга өбөлгө түзгөнүн кошумчалады.

“Биз бардык кошуналарыбыз, анын ичинен тажик эли менен достук жана жакын коңшулук мамилелерди бекемдөөгө ар дайым кызыкдарбыз. Айрыкча соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттырып, тарыхый байланышы терең эки элдин өнөктөштүгүн өрчүтүүбүз кажет. Кыргыз-тажик алакасын арттырууга багытталган мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө көп”, - деди төрага.

Ал бүгүн эки өлкөнүн чек арасындагы “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрмө жайлары ачылып, каттам калыбына келтирилгенин эске салды.

“Бул саамалык жарандарыбыздын эркин каттоосуна гана өбөлгө түзбөстөн, соода-экономикалык байланыштарды да өнүктүрүүгө, айрыкча чектеш аймактардын байланышын чыңдоого көмөкчү болот”, - деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Ал эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүдө парламенттик дипломатиянын да ролу чоң экенин белгилеп, Тажикстанда жакында эле уюштурулган парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөндүгү менен да куттуктады.

“Эми эки өлкөнүн парламенттери жетишилген келишимдерди жана макулдашууларды тез арада ратификациялап, алардын ийгиликтүү ишке ашуусуна колдоо көрсөтүүбүз кажет. Бул үчүн парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүп, тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун алкагында да жигердүү иш алып баруубуз зарыл. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Тажикстандын парламентинин кош палатасы менен тең эки тараптуу байланыштарды кеңейтип, эл аралык аянтчаларда да тыгыз кызматташууга кызыкдарбыз”, - деди төрага.

Өз кезегинде Эмомали Рахмон Тажикстандагы жарандык согушту жөнгө салууда депутаттардын ролу чоң болгонун белгилеп, мамлекеттер аралык байланышты чыңдоодо да парламенттик дипломатиянын салымы арбын экенине токтолду.

“Кыргыз-тажик кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн парламенттери жигердүү иш алып баруусу кажет. Саясий диалогду кеңейтүүдө эл өкүлдөрүнө өзгөчө милдет жүктөлгөн”, - деди Эмомали Рахмон.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда жетишилген макулдашуулар тууралуу да кеп кылган коңшу өлкөнүн башчысы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилерге тиешелүү жагдайларга да токтолду.

Андан тышкары Эмомали Рахмон Нурланбек Тургунбек уулу баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарын Тажикстанга расмий сапар менен келүүгө чакырып, эки тараптуу иш сапарлар саясий диалогду тереңдетүүгө көмөкчү болорун кошумчалады.

Жолугушууда чөлкөмдөгү коопсуздукту камсыздоо, эл аралык тынчтыкты сактоо маселелери сөз болуп, тараптар аталган багытта биргелешип иш жүргүзүү зарыл экенин белгилешти.

Пикирлер