Эмомали Рахмон делегация менен учурашып жатканда Камчыбек Ташиев экөө бир мүнөттөй сүйлөштү

АКИpress - Тажик президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын делегациясы менен учурашып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен 1 мүнөттөй сүйлөшүп турду.
Эки өлкөнүн президенттери делегациялар менен 13-мартта эртең менен «Ынтымак ордодогу» жолугушуунун башында тааныштырган.
Рахмон менен Ташиевдин сүйлөшүүсү видео кадрга тартылган, бирок так угулган жок.