Москвада эмгек акысын ала албай калган кыргызстандыктарга 43 млн рубль өндүрүп берилген, - министрлик

АКИpress - Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү 623 кыргызстандыкка төлөнбөгөн эмгек акысын алууга жардам берген.
Маалыматка ылайык, мекендештерге жалпы 43 млн 453 миң 400 рубль төлөнгөн.
«Өкүлчүлүктүн кызматкерлери 47 сот отурумга катышып, Москва шаарында иштеп жаткан 119 жарандын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүштү», - деди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу.
Анын айтымында, бир жыл ичинде Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча 11 256 жаранга кеңеш берилген.
«Мындан тышкары, өкүлчүлүктүн көмөгү менен 3 миң 931 кыргызстандык жаран милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин алууга көмөк көрсөтүлүп, ата-энесинин камкордугусуз калган же турмуштук оор кырдаалга кабылган жашы жете элек 97 бала менен иш жүргүзүлүп, айрымдары мекенине жөнөтүлгөн», - деди ал.