Орто-Сай айылындагы 869 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды
На русском
АКИpress - Мыйзамсыз сатылган 869 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды, деп маалымдады Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Мааламатка ылайык, Орто-Сай айылында жайгашкан 1 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган. Факт Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Арашан (мурдагы Таш-Дөбө) айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүү учурунда аныкталган.
Келтирилген чыгымдын наркы 869 млн 742 миң сом экендиги кабарланды.