Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн коммерциялык жайы мамлекеттин менчигине өттү
На русском
АКИpress - Бишкек шаарынын Кара-Көл көчөсүндө (Ботаникалык сейил бакка жакын аймакта) жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тактап айтканда 1996-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен "Кайнар" жабык акционердик коомуна Ботаникалык сейил бакты кеңейтүү иштери башталганга чейин өндүрүштүк база үчүн 64 сотых жер берилген.
«2012-жылы "Кайнардын" жетекчилери коррупциялык байланыштарды колдонуп, муниципалдык органдардын кызмат адамдарынын көмөгү менен жер тилкесине жеке менчик укугун мыйзамсыз каттатып, кийин жерди курулуш компаниясына 1 млн 400 миң долларга сатышкан.
Учурда аталган аймакка "О2 Экокомплекс" турак жай комплекси курулуп жатат.
"Кайнардын" жетекчиси Ш.Т.А. мыйзамсыз сатылган мүлктүн ордун толтуруу үчүн курулуп жаткан турак жай комплексиндеги аянты 373,63 чарчы метр коммерциялык жайды мамлекеттин балансына өткөрүп берди, ошондой эле келтирилген зыяндын калган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттендирилди», - дейт УКМК.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Кайнардын» жетекчиси — Шыгаев Турарбек Абдиевич.